27 августа 2015, 15:55

Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Кытайга барат

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылы 1-3-сентябрда Кытайга иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен саясий, экономикалык, социалдык-гуманитардык маселелерди талкуулайт. Бул тууралуу маалымат жыйында КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясий бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, иш сапарынын алкагында Президент кытай элинин япон басмачыларына каршы согуштагы жана дүйнөлүк фашистке каршы согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышат. Маалыматтарга караганда Кытайга дүйнөнүн 30 дан ашык өлкөсүнүн башчысы келет. Пекинде өтө турган парадка КРнын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери катышат.

“Бул биздин эки тараптуу мамилебиздин эң жогорку чегинде экенинин дагы бир далили”,-деди С.Исаков.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020