28 августа 2015, 10:29

«Эгемен Кыргызстан» партиясынын лидери Бектур Асанов жана анын эки партиялашы ачкачылык жарыялады

«Эгемен Кыргызстан» партиясынын лидери Бектур Асанов жана анын эки партиялашы Бишкекте ачкачылык акциясын жарыялашты.

Бүгүн, 28-августта АКИpress агенттигине Б.Асанов өзү билдиргендей, акциянын себеби БШК «Эгемен Кыргызстан» партиясын шайлоо алдындагы жарыштан алып салганы болду.

Асановдун айтымында, Боршайкомдун чечими мыйзамсыз. «Биз БШКга бардык зарыл болгон документтерди өз мөөнөтүндө өткөрдүк. Биз дагы шайлоо күрөөсүнүн бөлүгүн - 700 миң сом киргиздик, 5 млн сомдун калган бөлүгүн каттоого чейин киргизүүнү пландап жатканбыз. Мыйзам буга жол берет. Бул жөнүндө юристтер да айтып жатышат», - деди Асанов.

Ал, ачкачылыкты 26-августта — БШК шайлоого катышууну уланта турган партиялардын тизмесин жарыялап, арасында анын партиясы жок болуп чыккандан кийин баштаганын билдирди.

Б.Асанов, анын партиясын шайлоодон алып салганынын жалгыз себеби - «Эгемен Кыргызстандын» лозунгунда: «Кыргызстан - Атамбаевсиз, парламент - КСДПсыз» деп жазылганы.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020