28 августа 2015, 15:30

Асеин Торогелдиев: Билгенимди жаштарга үйрөтүп, артымда жакшы из калтыргым келет

Торогелдиев Асеин Тургунбекович 1974-жылдын 25-сентябрында Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 1-Май айылында туулган.

Жогорку билимдүү: 1993-жылы Шералы Сыдыков (ал кездеги Н. Крупская атындагы) атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайын, 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 

КМШ чемпиону, СССРдин жана КРдин спорт чебери. 1994-жылы Будапештте өткөн өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү. Бул жеңиши менен эл аралык класстагы спортчу даражасын толтурган. КРдин Аялдар күрөшү федерациясын жетектеген. “Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу” ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Машыгууга 8 чакырымдык жол

Балалыгым туулуп өскөн 1-Май айылында өттү. 10-11 жашка келгенимде спортко болгон кызыгуум күчөп, анан калса Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында машыктыруучу болуп иштеген аталаш агам Ражап Жанаевдин таасириби, айтор, спорт менен “ооруп” баштагам. Ал агам менин жөндөмүмдү байкап, “балага шарт түзгүлө, машыгууга барсын” деп атама да айтып жүрчү. Аталашым болсо да, менин кызыгуумду колдоп, керек болсо колдоп, жол көрсөткөн агамдын мага болгон ак тилегине таазим этким келет. Агам айылга келген сайын “бул бала окушу керек, чоң спортко аралашышы керек” деп кулагыма куюп жүрүп, кайсы бир деңгээлде жүрөгүмө дух берген экен.
Машыктыруучу агайым өз айылыбыздан болгону менен машыгуучу зал 8 чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна Боо-Терек айылында эле. Анын үстүнө айылда дайым эле шарт боло бербейт: мал караш керек, чөп жыйнаш керек, ата-энеге жардам бериш керек.Ошентип, алыс деп эринбей, мал карап чарчадым деп качпай, жөө-жалаңдап барып келгенден тажабай, баш-отум менен спортко кирип кеттим. Кээде агайдын мотоциклине учкашып алууга да болоор эле. Анткен менен айылдык мадыра баш өспүрүм балдар убактыбызды бекер коротпой, жөө-жалаңдасак да, пайдалуу нерсеге жумшаганыбызга азыр ыраазы болом.

Ийгилик изине түшкөндө

Жөн эле машыгып жүрө бербей, өспүрүм кезимден алгач Бакай-Атаны районунун аймагында, кийин облустук деңгээлдеги мелдештерге катышып, алгачкы ийгиликтеримди жарата баштадым. Бара-бара Кыргызстандын деңгээлине чыктым. Негизи кичинекей болсо да жеңиш өсүп келе жаткан жаштарга бир топ стимул, дух берет. Муну өзүмдүн мисалымдан эле байкайм: айылдык эле кичинекей мелдештен жетишкен жеңишиме деле төбөм көккө жете сүйүнөөр элем. Кийин дүйнөлүк мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп, өлкө желегин бийик желбиреткен кездерде дайыма бала кездеги 8 чакырым жол, айылдагы кичинекей жеңиштерим эске түшөөр эле.
Ошентип, 14 жашымда Шералы Сыдыков (ал кездеги Н. Крупская атындагы) атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайына келип кирдим. Албетте, аталган окуу жайга жөн эле кирип калган жокмун. Кыргызстандагы жалгыз профессионалдуу окуу жайга ал кезде бир катар номативдерди толтуруп, Кыргызстандын деңгээлинде бир катар мелдештерде көрсөткөн жетишкендиктерден кийин гана кабыл алышчу.
Бул жер атайы адистештирилген окуу жайы болгондуктан, баары режим менен: тамак-ашы, машыгуучу убакыттар, сабактар. Ал кезде жыл сайын Чолпонбай Түлөбердиев атындагы чоң турнир өтөөр эле. Ага СССРдин составындагы 15 союздук республикалардан биздей эле профессионалдык спорттук мектептерден спортчулар келишет болчу. Бүткүл союздук ошондой мелдештердин бири Украинанын Херсон шаарында өткөн турнирде спорттун чебердигин толтургам.
Кийин Кыргызстандын курама командасына мүчө болуп, алыскы, жакынкы өлкөлөрдөгү дүйнөлүк турнирлерге катышып баштадык.
1994-жылы Будапештте жаштар арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта биринчи орунду жеңип алдым. Будапешттен кайтып келгенден кийин, ошол кездеги Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Эшим Кутманалиевдин чоң жардамы тийди. Спорттогу жетишкендиктерим, кыргыз спортуна кошкон эмгегимди эске алып, Кыргыз улуттук университетинин “Бухгалтердик эсеп”адистигине бюджеттик бөлүмүндө окуп калышыма себепчи болду. Жогорку билим алып жүргөн учурда да спортту ташатаган жокмун. Тынымсыз машыгуум улантып келдим.
Негизи олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайда жалпы орто билимден кийин дагы 2 жыл машыктыруучулук адистиги үчүн окушат. Алгачкы дипломум боюнча адистигим – эркин күрөш боюнча машыктыруучу.

Чоң спорттон аргасыз алыстадым...

Тилекке каршы 1998-жылы мойнумдан жаракат алып, дарыгерлердин эскертүүсүнөн кийин чоң спорттон кетүүгө аргасыз болдум.
Учурда эл аралык “Манас” аэропортунун Авиация коопсуздук кызматынын (САБ) спорт клубунда ага инструктор кызматын аркалайм. Аэропорттун спорттун бир нече түрлөрү боюнча командалары бар. Биздин балдар республикалык деңгээлдеги бир катар мелдештерге катышып, байгелүү орундарга жетишип келишет. Өзүбүздүн заманбап спорт залыбыз бар. Чоң спорттон кеткенден кийин жеке ишкердик менен алектендим. Эми ал үй-бүлөлүк иш болуп калды. Азыр чоң спорттон кеткеним менен кайра эле ошол чөйрөдө билгенимди кийинки муунга үйрөтүү менен алекмин.
Баарыбыз эле айылдан чыкканбыз, туулган айылым 1-Майга айылдаштарым менин атымда спорт зал ачышкан. Жалпы чыгымын айылдаштар көтөрүштү, албетте, мен да өз салымымды коштум. Бир кезде 8 чакырым алыска каттап жүрүп жетишкен ийгиликтеримди баалаган биздин айылдын жаштары менин артымдан из баштап келатышат. Кубандырганы, алардын арасында кыздар да бар. КРдин Аялдар күрөшү федерациясын жетектеп турган кезимде Айсулуу Тыныбекова баштаган кыздар бир топ ийгилик жаратышты. Аларды кумир туткан менин айлымдагы жаш спортчу кыздар шыктануу менен спортко кадам ташташты. Азыр ошол айылдык эле спорт залда 2 кыз жакында эле Индияда өткөн мелдеште байгелүү орундарга жетишип келишти.

 

Айсулуудан үмүтүбүз дагы да чоң. Келечекте олимпиада оюндарына да жолдомо алат деп ишенебиз. Убагында биздин досубуз КР Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы директору Байгазы Кенжебаевдин Аялдар федерациясына кошкон салымы өтө чоң. А. Тыныбековадан жаңылбаган экенбиз, биз алдыга белгилеген жетишкендиктерди басып өттү.
Артыбызда Кыргызстандын желегин татыктуу желбирете турган азаматтар өсүшүн тилейм. Андыктан, бар күчүм, дараметимди, билгенимди жаштарга үйрөтүп, мүмкүн болушунча жакшы из калтыргым келет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020