28 августа 2015, 16:01

Заман жүгүн көтөргөн айым

Чолпон Султанбекова – Кыргызстандын саясат айдыӊында татыктуу орду бар айым. Эӊ көйгөйлүү болгон спорт, жаштар саясаты, билим берүү тармагындагы болуп жаткан аздыр-көптүр ийгиликтер жөнүндө сөз болгондо Чолпон айым жөнүндө сөз кылбай коюуга болбойт.

Үзүлгөн жолдун уланышы

2005-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты, спортсмен, атактуу балбан Баяман Эркинбаев атып өлтүрүлдү. Баяман балбан көп иштерди баштаган эле. Улуттук күрөштү өнүктүрүп, эл аралык аренага алып чыгуу үчүн көп аракеттер болуп жаткан. Канчалаган иштерди баштап кеткен атактуу балбандын иши кандайча уланат, ким улайт деген суроолор турду элде.
Баралына жетип, гүлдөп турган 36 жашында жолдошунан айрылган Чолпон майтарылып калган жок. Белин бекем бууп, Баяман баштаган иштерди улантты. Балбандын атындагы фонд ачты. Фонд жүздөгөн адамдарга кайрымдуулук колун сунду. Алгач Ош шаарында түзүлгөн «Алыш» федерациясынын арышы улам кеӊейип отуруп эл аралык деӊгээлге чыкты. Кошуна Казахстан, Өзбекстан, Тажикстанда өздөрүнүн күрөш федерациялары бар, бирок аларда эл аралык статус жок болгондуктан, алар «Алышка» мүчө болуп кирип, ошол аркылуу эл аралык мелдештерге чыгып жатышат.

Улуттун сыймыгына айланган «Алыш»

«Алышты» эл аралык деӊгээлге чыгаруу оӊойго турган жок. Дүйнөдө 200дөн ашык күрөш түрлөрү бар. Ар кимиси өз эрежелерин киргизүүгө умтулат. Бул иште көптөгөн эл аралык адистердин жардамы керек болду. Европа спорт комитетинин төрагасы Гинтаутас Вилейта, эл аралык күрөш федерациясынын башчысы Рафаэль Мартинетти сыяктуу залкарлардын кеӊешин угуу, көптөгөн атаандаштардын бут тосууларын жеӊүү менен гана «Алыш» эл аралык деӊгээлге чыкты. Мындай дүйнөгө таанымал адамдар менен кызматташуу үчүн да деӊгээл керек. Бул жерде Чолпон айымдын дипломатиялык жөндөмү, ар кандай даражадагы адамдар менен тил табышып, иштеше алган менеджерлик сапаты даана көрүндү. Дүйнөлүк мелдештерде калыстар тарабынан «алыш», «чала», «кармаш», «жамбаш» сыяктуу накта кыргыз сөздөрү жаӊырып жатканын угуу кандай жагымдуу. Азыр эрежеге ылайык мелдештерде жеӊүүчүлөргө кыргыз чапаны жана калпагы милдеттүү түрдө кийгизилет. Бул эмне деген сыймык!

Азыр «Алыш» катарына Азиянын 12, Европанын 22 мамлекетин кошкон чоӊ уюм. Учурда сүйлөшүүлөр болуп, алышты азиялык олимпиадалык оюндарга киргизүү аракеттери бар. Кыргыз күрөшү азиялык олимпиадалык оюндарга кирип калды деген сөз – канча мамлекет болсо, ошончо мамлекет кыргыз күрөшү менен күрөшөт дегендик. Мунун өзү чоӊ ийгилик, Баямандын асыл максаты ишке ашты дегендик.
Алыш боюнча Баяман Эркинбаевдин элесине арналган турнир эл аралык деӊгээлде 12 жолу өттү. 2015-жылдын март айында бул турнир Гран-При статусуна ээ болуп, биринчи мелдеш Бишкек шаарында өттү. Анда 10 дон ашык өлкөнүн 200 дөн ашык балбандары күч сынашты. Чолпон айым уюштуруу комитетинин башында туруп, турнирди жогорку деӊгээлде өткөздү. Жакында эле Ирандын борбору Тегеран шаарында «Арыш» эл аралык федерациясынын конгресси болуп, анда жетекчиликтин кайра шайлоосу болду. Федерациянын вице-президенттигине Баяман уулу Адилет бир добуштан шайланды. Ошентип арабыздан эрте кеткен балбандын баштаган иши татыктуу уланууда.
Учурда Кыргызстанды эл аралык деӊгээлде даӊазалап жаткан спорт түрлөрүнүн бири ушул алыш болууда. Мисалы, 2013-жылы Казань шаарында өткөн Универсиадада кыргызстандык алышчылар Нурбек Аканов менен Нурбек Кожобеков 2 алтын медаль алып келишкен. Мындай ийгилик 25 жылдык тарыхта биринчи жолу болуптур. Ошентип бабабыз Кошой менен Кожомкул балбандын жолун жолдогон балбандарыбыз кыргыздын туусун бийик көтөрүп келе жатышат.

Кыргыз гимнастикасы көтөрүлө баштады

Ишинен ийгилик жарата алган инсандарга сунуштар дайыма көп болору белгилүү. «Алыш» аркылуу арбын жетишкендикти көргөзгөн Чолпон айымга КР көркөм гимнастика Федерациясын жетектеп берүү сунушу түшкөн. Иши такыр солгундап кеткен көркөм гимнастчылардын иши Султанбекова келгени жанданды. Мелдештер туруктуу өткөрүлүп, спортчулар эл аралык мелдештерге көбүрөөк катыша баштады. Көркөм гимнастчылар Америкага эл аралык турнирге катышып келишти. Мунун өзү башка федерация мүчөлөрү суктанарлык ийгилик. Азыр федерация Советтер Союзунан калган көркөм гимнастика мектебин сактап калууда, өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жасап жатат. Мамлекет тарабынан каражат бөлдүрүүгө жетишилди. Буйруса, эӊ кооз спорт болгон көркөм гимнастиканын Кыргызстанда да өз залы, чемпиондору болор күн алыс эместир.

Эл пайдасына иштеген мандат

Чолпон Султанбекованын 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутат болуп шайланышы анын талбаган эмгегине элдин берген баасы болду. Балбандын баштаган иштерин татыктуу улантып жаткан бул айымга эл ишеним көрсөттү. Султанбекованын ишмердүүлүгү жаӊы сапаттык баскычка көтөрүлдү. Чолпон айым парламентте аябай көйгөйлүү жаштар саясаты, физкультура жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетке башчы болуп шайланды. Ал спорт тармагын ичтен билген адам катары көп жаӊычыл кадамдарды жасады. Султанбекова тарабынан «Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү» боюнча мыйзам жазылып, ишке кирди.

Мурун спорттун улуттук түрлөрүнө олутуу мамиле болгон эмес, калган-арткан каражаттар бөлүнүп турчу. Султанбекованын демилгеси менен физкультура жана спорт боюнча мамлекеттик агентствосунда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча борбор түзүлдү. Мындай борбор КМШ мамлекеттеринин биринде да жок экен. Борбордун башчылыгына таанымал спортчу, балбан Алмаз Касенов шайланды. Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун Кыргызстанда өткөрүүдө дал ушул борбор эбегейсиз роль ойноду. 

Мурун мамлекет спортту өнүктүрүүгө 180 млн. сом каражат бөлчү экен. Азыр ал каражат 400 млн. сомго чыкты.

Бирок акчаны көбөйтүү менен эле спорт өнүгүп кетпешин Чолпон айым жакшы түшүнөт. Спортчулардын чөйрөсүндөгү абал, көйгөйлөр менен жакындан тааныш депутат «Билим жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштады. Ал өзгөртүүлөр боюнча атайын же жогорку окуу жайларына тапшырган спорт чеберлери, спорт чеберлигине талапкерлер жеӊилдиктерге ээ болушат.

Буга чейин Олимпиада, Азия оюндарынын байге ээлери гана мамлекеттик жогорку окуу жайларына сынаксыз кабыл алынчу. Спортто ийгиликке жетишкен, бирок эл аралык мелдештерде мөөрөй ала албаган спорт мыктылары үчүн чоӊ бул мыйзам чоӊ стимул болмокчу. Спортчулар спорттук карьерасы бүткөндөн кийин турмуштан ордун таба албай, кылмыш дүйнөсүнө кирип кетип жаткандыгы да жашыруун эмес. Ошондуктан спортчулар билимге, кесипке да ээ болуусу максатка ылайык. Султанбекованын демилгеси бул жагынан да баалуу.
Парламентарий тарабынан сунушталган «КР Салык Кодексине» өзгөртүүлөр да спорт чөйрөсүндө колдоо таап, спортчулардын шыгына шык кошту. Мамлекет ийгиликке жетишкен спортчуларды стипендия менен камсыз кылат. Чоӊ эмес сумма, бирок ошол суммадан да киреше салыгы алынчу. Чолпон Аалыевна сунуштаган өзгөртүү боюнча эми ал стипендиялардан киреше салыгы алынбайт. Бул да болсо спортчулар үчүн стимул.
Ошентип Чолпон Султанбекова коомдук иштерде гана мыктылыгын көргөзбөй, парламентте да өз орду бар, салмактуу саясатчы катары таанылды. Улам өзгөргөн коалиция, улам алмашкан Өкмөт, саясий оюндар, таасир талаш. Мунун баары саясатчылар үчүн чоӊ сыноо. Парламенттеги беш жылда Чолпон Султанбекованын артынан бир да жолу жаман сөз ээрчибеди. Парламенттеги атмосфераны бузган, ишке тоскоол болгон интригаларда Чолпон айымдын аты бир да жолу аталбады. Бир топ тажрыйбалуу фракциялаштары болсо да вице-спикерликке дал ушул Султанбекова көрсөтүлүп, үзүрлүү иштеди.
Кыргыз мамлекетинин, өлкө экономикасынын тагдырын чечер бир топ маселелерде каарманыбыз эл тарабында болду. Мисалы, «Кыргызгаздын» Россияга 1 долларга сатылышы коомдо чоӊ резонанс жаратты. Бул иште жоопторго караганда чиеленишкен суроолор али деле көп. Жогорку Кеӊештин 8 депутаты «Кыргызгазды» банкрот абалга жеткирип, карызга батырган ишкана жетекчилерин жоопко тартуу боюнча коомчулукка кайрылуу жолдошту. Ошол 8 депутаттын арасында Чолпон Султанбекова да болду.
Канча жылдардан бери депутаттык мандатты өз кызыкчылыгына пайдаланып, ар кандай шылуундуктарды жасаган депутаттардын ызы-чуусун байма-бай угуп келебиз.

Чолпон Султанбекова болсо мандатты эл кызыкчылыгына иштетип, эл мүдөөсү үчүн иштеген депутат экендигин эмгеги менен далилдеди.

Унутулгус майрам. Энелерди ардактаган айым

Коомдук иштер, эл менен иштешүү Чолпон айымдын кан-жаны менен бүткөн сапат болсо керек. Жоопкерчилиги чоӊ мамлекеттик кызмат, эбегейсиз энергияны, каражатты талап кылган спортту өнүктүрүү ишинен башка аз камсыз болгон катмарлар, аялдар, жаштар, балдар менен иштөө да эч качан экинчи планда калган эмес. Быйылкы жылы Кадамжай районунда эгемен Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдуу иш-чара өткөрүлдү. Чолпон айым тарабынан энелер күнүнө карата 3 миӊден ашык адам катышкан майрам уюштурулду. Иш-чарада 1500 баатыр энеге белек-бечкек тапшырылды. Унутулуп бараткан фольклордук ырлар жаӊырган, улуттук тамак-аштар бышырылып, улуттук оюндар ойнолгон ошол үлкөн иш-чараны Кадамжай эли дагы деле унутпай, салтка айландырууну көздөп жатышат.
Өлкө өзүнөн өзү өнүгүп, эл өзүнөн өзү өркүндөбөйт. Өлкөнү эл ичинен чыккан мыкты уул-кыздар өнүктүрөт. Канчалык төгүлүп-чачылбайлы, арабыздан ошондой мыкты уул-кыздар чыгып келе жаткандыгы кубандырат. Буйруса, элге дагы көп кызмат кылып берер, заман жүгүн көтөрөр жарандарыбыздын арасында Чолпон Султанбекова да бар.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020