28 августа 2015, 17:07

Атанын уулу

Кадырбек Аталиев, “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун хирург-эндоскописти, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери:

“Атам “балам, сенин ордуң медицинада” дечү”

Кыргыз эли “Атадан үч уул төрөлөт. Бири атага тең, бири атадан кем, бири атадан артык уул” дешет. Анын сыңары атанын жолун улоону милдеттүү түрдө кабыл алган, атага тең, же атадан артык уул болууну көздөгөн атуулдар аз. Союз маалында Кара-Кулжада элдин саламаттыгы үчүн жан үрөгөн, атактуу Бөрүбай Аталиев аттуу кадыр-барктуу дарыгер болгон.

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, ушул инсандын уулу Кадырбек Аталиев 2014-2015-жылдары Кыргызстанда 1-жолу эндоскопиялык жол менен татаал гинекологиялык операцияларды жасап, медицина тармагында жаңы хирургиялык ыкмаларды киргизип, атадан артык уул экенин айгинелеп жаткандай, андыктан бул инсанды кепке тарттык.

“Ооруп калганда атамдын баркын сездим”

-Оштун Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, аталган айылда бактылуу бала чагым өткөн. Атам фелдьшер, апам алгебра геометрия сабагынан мугалим эле. Биз беш уул, төрт кыз, тогуз бир тууганбыз. Атам элдин саламаттыгы үчүн күрөшүп, элге кызматы сиңгендиктен, эл “Бөрүбай акенин баласы” деп бизге абдан жакшы мамиле кылчу. Коңшубуздун иниси милиция эле. Анын форма кийип, мотоцикл минип жүргөнү жакшы көрүнүп, балалык сезим менен 7-класска чейин милиция болом дедим.

Атам медицина тармагында болгондуктан, үйдөн эч кимдин дарыгер болгусу келчү эмес. Атамдын иши оор. Кечке ооруканада иштеп, түнү менен дарбазаны кагып, уйкудан ойготкон оорулуулардан колу бошочу эмес. Малчылардын балдары ооруп калса да ат менен алып кетишчү. Уйкусу канбай чарчап жүрчү. Ошондуктан бул кесипти каалаган эмеспиз. 1990-жылы атам курортто эс алып жүргөндө оор нерсе көтөрө коюп, белимди кайрып алып эки күн жатып калдым.

Апам да, эжем да, ал тургай медайым коңшубуз да эч жардам бере албады. Атам бели ооругандарга “перецовый” карточка жармаштырганын көргөндүктөн, ал карточкадан жармаштырдым. Убакыттын өтүшү мененби, же ал карточкаданбы айтор, эки күндөн кийин жакшы болуп басып кеттим. “Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, ошондо атамдын кесибинин баркын сезип, анын кадырын билип, бир үй-бүлөгө бир врач керек экен деп ушул кесипти тандагам. Кесип тандоомо атам себепкер болгон десем жаңылышпайм.

“Атам “мен жетпеген бийиктикке жетишиң керек” дечү”

-Атам фелдьшерликти аяктап, иштей баштаганда врачтар бут тосуп чоң болушат. Намыстанган атам 32 жашында, эки балалуу болгондо Бишкекке келип Мединститутка тапшырып окуй баштайт. Атама сабак берген мугалимдер өзүнөн кичүү 25-26 жаштагылар болот.

1-курста эки ай окугандан кийин энем ооруп, турмуш шартка байланыштуу кайра кетүүгө туура келип, максатына жетпей калат. Бул атамдын арманы болгондуктан мага “балам, мен жетпеген бийиктикке сен жетишиң керек” дечү. Абдан билимдүү адам эле. Атамдын китепканасындай китепкананы бир да профессордон көргөн жокмун. Кесибине байланышкан ар түрдүү анатомия, оперативдүү хирургия деген ж.б. китептери көп болчу. 1965-жылдан 1975-жылга чейин Кара-Кочкор айылындагы ооруканада эмгектенип, 10 жылдан кийин өз айылыбызга ФАП ачты.

Баягы Кара-Кочкорлуктар борбордогу ооруканага кайрылбай “Мени өлүмдөн бир алып калса, Бөрүбай алып калат” деп үйгө издеп келип дарыланышчу. Атамдын жазган диагноздору республикага чейин өзгөрүүсүз келип, так чыкчу.

“Үй алам дегенде инфлацияга кабылдым”

-Студенттик күндөрүм союз ыдыраган заманга, оор мезгилине туш келди. Жатаканада жашадым. Союз тараган соң телефондун чубалгылары уурдалып, байланыш жок болду. Ата-энеме кат жазып, кат аркылуу байланышчумун. 1-курстан тарта атамдын жазган каттары алигиче сакталуу. 4-курсумда жакын туугандарга Оренбургка товар салып, алардын “6 ай жардам берсең бир бир тууганыңды чогуу алып кетебиз” деген келишими менен эжемди 1998-жылы Орусияга кетирүүгө көмөктөштүм. Түнкү саат үчтө туруп, жатаканадан Темир жол вокзалына чейин чуркап келип, келген поездден акча тосуп алып, эртең менен эрте базардан ага товар алып, товарды кайра поездге салып коюп, анан лекцияга жетишчүмүн. Кийин эжем экөөбүз иштей баштадык. Ишибиз оңунан чыгып, экөөбүз тең үй алабыз деп турганда 1998-жылы инфлацияга кабылдык.

Эки жыл ата-энемди көрбөй жайы менен иштегем. Айла жок, кийинки жылы кышы-жайы иштеп, 6-курсумда үйлүү болдум. Атам “балам, байлык менен бийликтин түбүнө бул дүйнөдө эч ким жеткен эмес. Эгер сен жакшы врач болсоң, ал эмгегиң бааланат. Байлыкка кызыкпай ишиңди иниңе өткөр. Кесибиң менен иште” деди. 2000-жылы иниме ишимди өткөрүп берип, ординатурага тапшырдым. 90 пайыз эркектер хирург болом деп максат кылышат. Мен да ал максатым менен 4-курстан баштап хирургиялык кружокторго катышып, иштеп калдым.

“Оор тагдырлар жүрөгүңдө сакталып калат”

-Хирургдардын кесиби өтө оор. Бирок, психологиялык жактан өтө бай адамдар. Себеби, операция жасап, андан соң ал адамдын айыгып, бутунан туруп кеткенине сыймыктанасың. Адамды жан кыйнаган дартынан айыктырганда өзүңө-өзүң ыраазысың. Адам өмүрүн сактап калуу үчүн кээде кыйналып келген адамга шашылыш операция жасай турган болобуз. Андайда диагноздорун аныктабай туруп кудайга анан өз кесибибизге ишенип операцияга киребиз. Операциядан кийин күнүмдүк ийгилигиңден, үй-бүлөңдөн сырткары, ал оорулуу жөнүндө ойлонуп, кийинкиси кандай болот деген суроо мээңде турат.

Ийгиликтүү операциялар жана эң оор тагдырлар өмүр бою жүрөгүңдө сакталып калат. Алардын аты-жөнү, өмүр баяны, тагдыры уктап турсаң да эсиңе келет. Өзгөчө оор тагдырлар менен жашап каласың.

“Жетекчимди мен аркылуу кыйнашкан”

-Аспирантурадагы жетекчим абдан адамкерчиликтүү, билимдүү инсан эле. Анын жана өз эмгегим менен бир жыл ичинде 70 пайыз кандидаттык ишимди даярдагам. Кийин “Эки дөө кагышса, ортодо бөөдө чымын өлөт” болуп, жетекчилердин тирешүүсүнөн, жетекчиме бут тосуулар болуп, кандитаттыкты жактабай калгам. Ал экөөбүздүн “кандидаттыктан соң докторлукка даярданабыз” деген тилектерибиз таш капты. Бир жылдык эмгек бир күндө жок болуп, аспирантурадан кеттим. Жетекчимди аядым. Анын 1-аспиранты, 1-кандидаты болуп чыкмакмын. Ага бут тосуп, аны мен аркылуу кыйнашкан.

Мен иштеген кафедрада 6 профессор иштечү. Намыстандым. Россияда иштеген инилерим чакырып, Кыргызстанда жок нерсе үйрөнөм деп Бурятиянын Улан-ДУЭ шаарындагы ооруканага бардым. Ал ооруканада бир эле кандидат жана алар жөнөкөй эле ашказанга операция жасаганды билишпейт, чоң операциялары жок экен. Көңүлгө толбой, ызама чыдабай Читага, андан соң Иркутск шаарына бардым. Кыскасы ал шаарларда дагы дарыгерлердин медициналык деңгээли биздикинен ылдый экенин баамдадым. Иркутскда бир эле профессор, ал да биздин профессорлор жасаган опреацияларды жасай албайт экен. Маанайым чөгүп 6 ай туугандарыма жардам берип соода менен алектендим.

“Бир күндө үч жакшы жыйынтык алып...”

-2005-жылкы революциядан кийин келип, “ГП Кара-Кулжа ресурсу” деп Канттагы шифер-цемент заводдон товар алып, Кара-Кулжанын элин арзан баада цемент, шифер менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик ишкана ачтым. Эл кубанып сатып ала баштаганда Максим тарабынан кысым болуп, алар кымбат сатууну көздөп, ал ишканабыздын да өмүрү кыска болду.

Бийлик жакшы идеа менен ачып, иштей баштаганда кайра жапты. Ошондо атам “балам, сенин ордуң медицинада” деди. Азамат Кенжеев деген досум, Татарстандан үйрөнүп келген операцияларды Медакадемиянын медициналык борборунда жасачу. Ал да “Кадыр, мага жардамдашып келип үйрөн” деп калды. Ага жардам берип, иштеп жүрдүм. Бир жолу гинекологиялык чоң операция, жатындын бир түтүкчөсү жок 20 жаштагы Караколдук келиндин 2-түтүкчөсүнө түйүлдүк бүтүп калыптыр. Ага аппарат менен операция жасап, 2-түтүкчөсүн сактадык. Досума бул келин эми төрөй алабы десем “төрөйт. Практикамда 2-жолу болду” деди. Ишенген эмесмин. Тогуз айдан кийин баягы келин сүйүнүп келип, УЗИсин көрсөтөт. Үч айлык боюнда бар экен. Бул мен үчүн жомок болду.

Хирургдар өз ишинин жыйынтыгы үчүн эле кубанат. Ал эми гинекологияда түтүкчөсүн сактап, эне болуу бактысына жол ачканда, анан да ал “балалуу болгону турам” дегенде эки ирээт кубанат экенсиң. Ошондон тарта гинекологияга кызыктым. Эндоскопиялык жол менен татаал гинекологиялык операцияларды жасоону чет өлкөдөн окуп келишчү. Бешенеме “Медакадемияда эндоскопиялык операция жасоону окутабыз” деп курс ачылып, анда окуй калып сертификат алып, даяр адис болдум. Кийин ал курс жабылды. Медакадемияда бул боюнча эки кызматкер эле иштеш керек болуп мен бош калдым. Бир жарым жыл досума жардамдашып, операцияны аппарат менен жасоо жаккандыктан, Бишкектин кайсы ооруканасында мындай аппарат бар экенин издеп, Эне жана баланы коргоо борборунда аппарат сатылып алынып, бирок адис жоктугунан иштелбей турганын уктум.

Директору Камчыбек Узакбаевге барсам жакшы кабыл алып “сен, хирургиядан гинекологияга келдиң. Бири-бирибизди уят кылбайлы” деп 2010-жылы апрелде ишке алды. Аппаратты орнотуп, Москвадан Шалаев деген профессор келип 24-майда ишке киргиздик. Ийгиликтүү операцияларды жасап, элге таанылдык. Жакшы жыйынтыктар арбып Камчыбек Аскарбекович чоң операцияларды жасоо үчүн керектүү заманбап жабдыктарды алып берди. Татаал операцияларга тапталдык. Мурда жалаң эркектер менен иштеп, кийин жалаң аялдар менен иштөө кыйынчылык жаратты. Бир жарым жыл көнө албадым. Иштен кетейин десем, директорум ишиме ыраазы болуп колдойт. Эркек хирургдар менен иштөө үчүн жумуш да издедим.

Ошол маалда мурда оор жана татаал операцияларды жасаган үч келиндин боюнда болуп, үч жакшы жыйынтык бир күндө алдыма келгенде менин да бул жерде ордум, салымым бар экен деп гинекологияда калууга аргасыз болгом. Учурда тукумсуздукту жоюу максатында иш алып барам. Операция жасагандарым менен 5 жылдан бери байланышып, аймактардан чалгандарына телефондон кеңешимди берип турам. Кудай буйруса, жаңы ыкмамды чыгарам деген ниеттемин.

“Дем алыш күндөрү Оштон сегиз операция жасап келем”

-Оштон келгендер анализ тапшырып бир жумалап жүрүшөт. Жашаган жери жок кыйналып толук дарыланбай кетишет. Ал жакта беш жылдан бери “ЧП Калмаматов” деген төрөт үйү иштейт. Анын кожоюну врачтар айткан заманбап Германиялык аппараттарды алып бериптир. Ошол мекемеде иштеген ординатор балага өз ыкмаларымды үйрөтсөм деген ниетте башкы дарыгерин, кожоюнун тааныбай туруп, “самолетко жолгиремди эле төлөп берсеңер, дем алыш күндөрү чоң гинекологиялык операцияларыңарды жасап берип турам” деп сунуштагам. Максатым Бишкекке келүүгө шарты жок адамдарга жардам берүү эле.

Беш күн Бишкекте иштеп, дем алыш күндөрү Ошко учуп, бир барганда сегиз операция жасайм. Эки жумада бир барам. Алар татаал операция боло тургандарды топтоп турушат. Эл түшүнө баштаганда башкы дарыгери Тургун Масиралиева жана кожоюну Жыргалбек Калмаматов менен тааныштым. Оңой операцияларды ал жактагы врачтарга жасатып, оорлорун өзүм жасап, аларга үйрөтөм. Эки айга жетпей 30 операция жасагам. Мындан да көп көрсөткүчтөр болмок.

Былтыр 76 жашында атам катуу ооруудан каза болуп, стресске кабылып, барбай жүрдүм. Жакында эле 9-10-июнда түштүк боюнча тарыхта 1-жолу эң чоң гинекологиялык татаал операция жасап, жыйынтык жакшы. Үч күндө оорулуулар ооруканадан чыкты. 2014-2015-жылдары Кыргызстанда 1-жолу эндоскопиялык жол менен татаал гинекологиялык операцияларды жасап, медицина тармагында жаңы хирургиялык ыкмаларды киргиздим. Буйруса бул жаңы ыкмалар Кыргызстандын тарых баракчаларына жазылып калаар.

 

Ошондой эле 2014-жылы күзүндө Бишкектин чет жагына күнөскана ачкам. Анда 6 кызматкер эмгектенип, элди экологиялык жактан таза продуктулар менен камсыздап жатышат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020