28 августа 2015, 17:37

ИИМ 4 партиянын 714 талапкеринин соттолгондугун текшерди

Бүгүн, 28-августта ИИМ, Борбордук шайлоо комиссиясынын партиялардын документтерин кабыл алуу жана аларды текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Канатбек Азиздин министрлик парламентке талапкерлердин соттолгондугун текшерүү жөнүндөгү маалыматты БШКга берүүнү кечиктирип жатканы боюнча билдирүүсүн четке какты.
«БШК Жогорку Кеңешке «Ата-Мекен», «Бир-Бол», «Ар-Намыс» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан талапкерлердин тизмесин берген. Борбордук шайлоо комиссиясынын партиялардын документтерин кабыл алуу жана аларды текшерүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Канатбек Азиздин аткарылып жаткан иштерден кабары жоктой таасир калтырат. Ал толук маалыматтарга ээ эмес окшойт», - деп билдирди министрликтегилер.
ИИМ мыйзам боюнча талапкерлерди текшерүүгө 10 күн бериле тургандыгын билдирди. «Бул жуманын башында 2 күндө 714 талапкер: «Бир-Бол» - 152 талапкер, «Ар-Намыс» - 195 талапкер жана «Өнүгүү-Прогресс» - 167 талапкер» текшерилди», - деп билдирди ИИМ.
27-августта эртең менен БШКга отчет берилди. Бүгүн кезектеги талапкерлердин тизмеси текшерилди.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020