29 августа 2015, 10:18

Араванда ЖК депутаттыгына талапкер «өз атасын өрттөдү» деген маалымат чындыкка дал келбейт

Араванда ЖК депутаттыгына талапкер «өз атасын өрттөдү» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу, ИИМдин Ош ОИИБнан кабарлашты.

Эске сала кетсек, кечээ бир катар ММКларда «Ош облусунун Араван районунда жуз берген окуя-адам үрөйун учурду» деген аталыштагы маалымат жарык көргөн.  «Бизге жеткен маалыматтар боюнча КСДП саясий партиясынын тизмесинде алтынчы болуп аттанган Араван райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ильхом Маннанов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аркылуу, Дилмурат Мадрахимовду коркутуп-үркүтүп өз атасын өрттөп салууга мажбурлаган. Мунун себебин анын атасы Мурадил Мадрахимовдун жеке менчигиндеги дүкөнүн «Ата Мекен» партиясына штаб катары пайдаланууга бергендиги менен түшүндүрүүдө» деп жазылат маалыматта.

Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында тарагандан соң, ИИМ министри Мелис Турганбаев бул окуяны өз көзөмөлүнө алып, маалыматта жазылган ар бир көрсөтмө боюнча дыкат текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.

Жагдайды териштүү учурунда каза болгон адамдын жакындары көрсөтмө беришкен.

"Биринчиден алардын  Дилмурад  аттуу бир тууганы жок экендигин, экинчиден, аларды эч кандай уюшулган кылмыштуу топ коркутпагандыгын, атасы Мурадил  Мадрахимов ушул жылдын 24-август күнү өз үйүндөгү мончодо жуунуп жатып, кокустан кайнак сууга денесин күйгүзүп алгандыгын айтышкан. Алгач, М.Мадрахимовду жакындары дароо Араван райондук ооруканага алып барышкан. Андан соң, Ош шаарындагы дарылоо мекемесине алып келишкен. Ал эми, Ильхом Маннанов жогоруда каза болгон Мурадил Мадрахимовго жакын тууган экендигин жана бул ишке эч кандай тиешеси жок экендигин, жалган маалымат бергендердин үстүнөн укук коргоо органдарына кайрыла тургандыктарын билдиришти",-деп жазылат маалыматта.

2015-жылдын 28-августунда М.Мадрахимов каза болгон. Бул факт Араван райондук ИИБнын маалыматтарды каттоо китебине катталган. Ал эми маалыматта көрсөтүлгөн Ильхом Маннанов Ички иштер органынын катарынан 2015-жылдын 3-августунда өз ыктыяры менен кеткен.  

Каза болгон карыянын жакын туугандары менен "Кабарлар" маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы баарлашкан учурда, алар бул окуяны эч кандай саясат менен байланыштырбай тургандыктарын айтышкан. 

"Биздин жакын адамыбыздын өлүмүн кимдир бирөөлөр чагымчылдык катары пайдаланууга аракет кылып жатышат. Бизге көңүл айткандын ордуна кээ бир саясатчылар жана "журналисттер" ар кандай туура эмес маалыматтарды жазып жатышат. Бул кара санатайлык, эмне деп айтуубузду да билбей турабыз",-деп айтышты маркумдун туугандары.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020