29 августа 2015, 17:41

Путин: А.Атамбаевдин жетекчилиги менен өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүүдө

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алып коюңуз. Сиздин жетекчилигиңиз менен өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүүдө, анын эл аралык аброю өсүүдө.

Россиялык-кыргыз мамилелер өз ара ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда ийгиликтүү жана туруктуу өнүгүүдө.  Кыргыз Республикасынын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу ар кыл чөйрөлөрдө мурдагыдан да тыгыз интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 

Өз ара пайдалуу кызматташтыкты дивесификациялоо биздин өлкөлөрдүн элдеринин түпкү максаттарына жооп берет, Борбор Азия аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөт деп ишенем.

Сизге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Республиканын жарандарына бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Урматтоо менен,

Владимир Путин”

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020