29 августа 2015, 17:48

Н.Назарбаев: Боордош Кыргызстан калкына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевден Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктаган телеграмма келип түштү.

“Сизди Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы - Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Акыркы жылдары Кыргызстан туруктуу жана тездик менен өнүгүп жатат. Буга Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу күбө болот. Бул өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий, соода-эконмикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшөт деп ишенем”,- деп айтылат Казакстан Президенинин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Казакстан боордош Кыргызстан менен ортодогу тең укуктуу, ошондой эле өз ара ишенимге негизделген карым-катнаштарга өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Ушул ыңгайлуу учурдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, чың ден соолук жана өтө жооптуу кызматыңызда ийгилик, ал эми боордош Кыргызстан калкына тынччылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020