30 августа 2015, 22:48

Жаныбек Жоробаев: Кыргызстандын келечеги күчтүү кадрлардын колунда

Жоробаев Жаныбек Суюнбаевич 1978-жылы 23-июнунда төрөлгөн. 1984-1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 орто мектебинде билим алган. 1998-жылы Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин каржылык эсеп факультетин, 2000-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетин, 2014-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган. Аталган окуу жайларды Ж. Жоробаев артыкчылык менен бүтүргөн. 1998-жылдан тарта КР УКМКсында ар кандай кызматтарды аркалап келет.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

2010-жылы КР Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2011-жылы Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги, 2015-жылы КР Экономика министрлигинин “Экономиканын отличниги” наамына арзыган.

Бактылуу аракеттүү балалык

Орто мектепти балалыгым өткөн Жалал-Абад шаарындагы №1 мектептен окудум. Кичинемден спорт менен “ооруп”, өзүмдү бүтүндөй футболдун фанаты катары сезээр элем. Эртели-кеч топттун артынан жүргөн күндөрдүн биринде теңтуш балдар өздөрү барып жүргөн бокско чакырып калышты. Алгач жөн гана көрүп коюу үчүн баргам. КРге эмгек сиңирген машыктыруучу Садык Сабиров жөн гана бир жолу машыгып көрүүмдү суранган күн менин бокс дүйнөсүнө болгон кадамымдын тушоосун кести десем болот. Бул киши көптөгөн чемпиондорду тарбиялаган белгилүү машыктыруучу. Көрсө дос балдарымды ал жерде улуураак балдар тийишкенинен мени да чогуу караан болот дешкен тура. Ошентип, футболдун фанаты бокс дүйнөсүнө баш-оту менен кирди. Ошондон 3 ай убакыт өткөндөн кийин Жалал-Абадда өткөн облустук турнирдин жеңүүчүсү болдум. Анда мен болгону 10 гана жашта элем...

Ошол күндөн тарта мени машыктыруучум 1996-жылы өтүүсү белгиленген Атланта олимпиадасына даярдап баштады.

 Атүгүл 1994-жылы мектепти бүткөндө башка шаарга барып окубай, туулуп-өскөн шаарым Жалал-Абаддагы окуу жайдан окуп, ошол эле учурда спротту ала жүрдүм. Тилекке каршы, олимпиадага катыша алган жокмун. Антсе да, 1994-жылы өспүрүмдөр арасында, 1997-жылы эркектер арасында республикалык чемпионаттардын жеңүүчүсү болдум. Ошондой эле 1997-жылы Алматыда өткөн Орто Азия оюндарынын призеру болдум, бул оюнда мен 3-орунду жеңип алган элем. Спортто жараткан аздыр-көптүр ийгиликтеримдин арты менен 18 жашымда бокс боюнча спорт чебери болдум. Олимпиада тууралуу изги тилегим орундалбаганы менен, спорт менин мүнөзүмдүн калыптанышында бир топ оң таасирин берди.
Бала кезден чоңойгондо КГБ органдарында кызмат өтөйм деп кыялданчумун. Бул менин спорттон алган таасирим болсо керек: тартип, адилеттүүлүк, өзүн өзү көзөмөлдөө, партиоттук сыяктуу сапаттар менин балалык сезизимде чекисттерге мүнөздүү деп билчүмүн. Бул жаатта спортто болгон миссиям келечектеги кесибиме үндөш эле.
Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, ата-энем бизге берген татыктуу тарбия келечек турмуш жолубузда өз ордубузду табууга көмөкчү болду. Атам – көп жылдар жеке коммерциялык сектордо жетекчилик кызматтарды аркалаган, Жалал-Абад элине көп пайдасы тийген. Ар кандай улуттагы, диний ишенимдеги көпчүлүк адамдардын сыйына ээ киши. Апам өмүр бою билим берүү тармагында жөнөкөй мугалим болуп эмгектенген, ошондуктан мен өз өмүрүн келечектин муундарын тарбиялоого жумшаган адамдардын алдында тизе бүгүп таазим кылгым келет.
Мектепти бүткөндөн кийин машыктыруучумдун айтууусу менен Жалал-Абадда калууга туура келди. Ал кезде мен чоңойгон шаардагы окуу жайларда юридика факультети жок болгондуктан, экономика багытына тапшыргам. Аны бүтүргөндөн кийин баарыбир кийинчерээк Улуттук коопсуздук кызматы тармагында иштөө үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетинде да билим алдым.
Изги тилегимдин арты менен 1998-жылы диплом колума тиери менен Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө кызмат өтөйм деп барганым эсимде. Ал жактан “бизде кызмат өтөө үчүн сөзсүз түрдө аскер кызматына барышың керек” дешти. Атам “Аскерге барсаң, гектарлап пол сүрөсүң, суткалап идиш-аяк жууйсуң. “Дедовщинага” тушугасың. Андан көрө биринчи кесибиң менен эле банкта иштесең эмнеге болбойт?” деп, мени 1-жолу кайсы бир каалоомдон баш тартууга үндөдү.
Каалаган мүдөөмдөн кайткым келбей, шаардык аскер комиссариатына катталып, Ош шаарынын батыш кичи районунда жайгашкан абадан кол салууга каршы коргонуу (ПВО) аскер бөлүгүнө келип түштүм. Күткөндөй эле, өзүм теңдүү жаш офицерлер менин командирлерим, менден кичүү балдар, аскер бөлүгүндө жазылбаган мыйзамда айтылгандай “дед”. Көрсө мен жеке деломо спорттун чебери экендигимди тастыктаган документимдин көчүрмөсүн кошуп койгон экем. Ал маалымат “дед” болгон балдарга дароо жетип, араңарда “спорт чебери бар тура” деген ыйкы-тыйкы маселе да болду. Аларга адилеттүүлүктү туура түшүндүрүп, айрымдары менен күч сынашып, акырындык менен мамилени түзүп кеттим. Адамдар менен мамиле түзүүдө сабырдуулук, адилеттүүлүк
жана түз көз карашка негизденем.

Өлкө коопсуздугу – жарандардын тынчтыгы

Ошентип, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөн кийин эмгек жолумду 2000-жылы азыркы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан баштадым. 2002-жылы жумуштагы жакшы ийгиликтердин натыйжасында Бишкекке, борбордук аппаратка которулуп, 2010-жылга чейин чалгын кызматынын баардык тепкичтерин басып өттүм. Бул аралыкта Коопсуздук кызматынын жогорку мектебин да бүтүрдүм.
2010-жылы өлкөдө болгон окуялар жүз берген учурда, ошол кездеги куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын буйругу менен 18-апрелде туулуп-өскөн Жалал-Абад шаарым жана облус аймагында коопсуздукту камсыз кылууга жөнөп кеттим. Ошондуктан, жаштыгыма карабай, 32 жашымда коопсуздук кызматындагы тажрыйбамды эске алуу менен, жергиликтүү калктын кулк-мүнөзүн туура түшүнүп билген кадр катары аталган аймакка тартип орнотуу милдети жүктөлдү. Ата-энемдин элге мекенге сиңирген эмгеги, кадыр-баркы жана бизди тааныган Жалал-Абаддын ар бир тургунунун тынчтыкты орнотууга болгон каалоосу 2010-жылы мага жүктөлгөн оор милдетти татыктуу өтөөмө жардамчы болду. Жалал-Абадда деле Оштогудай эле улуттук кагылышуу болду, бирок жапа чеккендер Оштогудай болгон жок.

Чындыгында тутанган от, инерция менен ошондой эле оор кесепеттерди Жалал-Абадга да алып келиши мүмкүн эле... Борбордон комендант катары жөнөтүлгөн кишилерди, облустун жаңы жетекчилерин таппай калган учурлар болду. Ошондой кыйчалышкан кырдаалда кичи мекенимдин тагдырын аныктачу маанилүү чечим кабыл алуу жеңил болгон жок. Чалгын кызматы алдын ара берген маалыматтарга жергиликтүү бийлик өз учурунда туура реакция жасоосу зарыл деп билем. Ошондуктан, бул оор күндөрү аймакта стабилдүүлүктү орнотуу үчүн мүмкүн болушунча профессионалдык да, адамдык да күч-аракетти жумшоого туура келди. Башкача айтканда, мен жетектеген башкармалыктын ар бир кызматкери улуттук араздашуу жүз берген аймакта укук коргоо органдарынын милдеттеринен тарта эки элдин ортосундагы мамилени жакшыртууда тынчтык орнотуучуга чейинки милдетти өзүнө алуусуна туура келди.
Бир нече күндүк алаамат хаосто бир катар өрттөлгөн объектилердин арасында мен жашаган ата-энемдин үйү да өрттөнүп кетти. Кийин кичи мекенимде стабилдүүлүктү орнотууда өтөгөн кызматым, май, июнь окуяларын басууда кошкон жигердүү салымым жана кызматтык милдеттеримди аткарууда көрсөткөн эрдик жана каармандык үчүн КР Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйландым. Бул менин кызматтык карьерамдагы эсте калган эң бир чоң турмуштук тажрыйба болду. Мен мындай алаамат менин элимде эч качан болбосо деп тилейм, муну үчүн кайда, кандай кызматта болбоюн болгон күч-аракетимди жумшайм.

Коррупцияга тиш салдык...

2011-жылы өлкө башчысынын демилгеси менен Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлүп, анын башчылыгына УКМКнын ошол кездеги 1-орун басары Бектен Качкыналиевич Сыдыгалиев дайындалды. Мен болсо, жаңыдан түзүлгөн кызматтын жетекчисине орун басар болуп дайындалдым. Бул кызматта 2013-жылдын февралынан чейинки 1 жыл 2 айлык убакыт ичинде бир катар чуулгандуу экономикалык кылмыштардын бети ачылды. Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу министр, депутаттар баш болгон бийик кызматтагы кишилер кылмыш жоопкерчилигине тартыла баштады. Жалпысынан 2012-жыл ичи кызмат адамдарына карата 152 кылмыш иши козголду.

Андан мамлекеттин тарткан зыяны 465 млн сомду чапчыса, мунун ичинен 100 млн сомдон ашык каражат мамлекеттик казынага кайтарылды. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, жаңыдан түзүлгөн Антикоррупциялык кызматка болгон жарандардын ишеними жогору болгондугунун далили катары арыз менен, аноним телефондук билдирүүлөрдүн санынан билсек болот. 2011-жылы жарандардан коррупциялык иштерге байланышкан 145 гана арыз түшкөн болсо, 2012-жыл ичинде биздин кызматка 833 киши ары менен кайрылган. Мунун өзү аталган кызмат түзүлгөн алгачкы жыл болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу менен, мамлекетин кызыкчылыгы үчүн татыктуу кызмат өтөгөнүнөн кабар берет.

Келечекке кадам

Туулган жердин топурагы алтын. Мекенге өтөчү кызмат али алдыда. Биз келечекте Кыргыз Республикасынын ар бир жараны улутуна, диний ишенимине карабай, сүйүктүү Кыргызстаныбызды өз мекени деп партиоттук сезимди тутунган адилеттүү, стабилдүү өлкөнү курушубуз абзел. Эртеңкиге ишенимдин жоктугу жумушка жарамдуу жаштардын, алардын арасында жогорку билимдүү кадрлардын өлкөдөн агылып чыгуусун шарттап турган учур. Кыргызстандын ар бир аймагында мекендин чыгаан уулдары кошумча жумушчу орун түзүү мүмкүн болгон ири ишканаларды ачышса, күнүмдүк тиричилик үчүн кара жумушка жалданган жарандардын саны азаймак. Идеологиялык вакуумдун айынан, диний билимдин деңгээлинин төмөндүгүнүн кесепетинен ар кандай туура эмес диний агымдар, секталарга берилген жаштардын аягы суюлар эле, билимдүү кадрлар болгон акыл-дараметин сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн жумшаар эле деп көп ойлоном.

Албетте, андай күндүн келиши да алыс эмес экенине ишенем. Ал эми муну ишке ашырууда эң башкысы мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы жетекчилер темирдей катуу тартипти, бийик жоопкерчиликти, партиоттуулукту, чынчылдыкты эң ириде өздөрүнөн баштоосу абзел. Тактап айтканда, аткаминерлерге мыйзам түрүндө максималдуу жоопкерчиликтеги талаптар коюлушу керек. Ошондо гана ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзамды бийик тутунат. Андан кийин гана жөнөкөй жарандардан талап кылуу максатка ылайык деп эсептейм.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020