1 сентября 2015, 10:23

А.Жээнбеков: Коомубузда дүйнөдөгү эӊ гумандуу кесип – педагогдун кесибине карата тереӊ урмат-сый кайра жаралып жатат

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков мекендештерин Билим күнү менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан 1-сентябрь – Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү - биздин өлкөбүздө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыты болуп калды. Коомубузда дүйнөдөгү эӊ гумандуу кесип – педагогдун кесибине карата тереӊ урмат-сый кайра жаралып жатат, эл арасында мугалимдин эмгегине эӊ барктуу жана зарыл иш катары мамиле кылуу калыптанууда. Бүгүн билим чөйрөсүнүн бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине өз ишине чексиз берилгендиги, кесипкөйлүгү жана ак ниет эмгеги үчүн терең ыраазылык билдирем.Азыркы заманга ылайык билим алып, элибиздин руханий байлыктарын сактап, илим-билимди топтоп, өнүктүрүп, аны эркин Кыргызстандын бакубат келечегине жумшай турган жаштарыбызды да бүгүнкү майрамы менен куттуктаймын. 

Сиздерге бакты-таалай, ден-соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020