1 сентября 2015, 11:06

Депутат Хаджимурат Коркмазов 15-сентябрга чейин УКМКнын камагында отурат

Бүгүн, 1-сентябрда, Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл иретинде Жогорку Кеңешинин депутаты Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевичке карата бөгөт коюу чарасын карап, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 17-июлундагы чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 3-августундагы аныктамасы менен Х. Коркмазов үй камагына чыгарылган.

Ал эми Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 17-июлундагы чечими менен Х. Коркмазов тергөө аяктаганга чейин Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө камак жайында, үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин камакта болот.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020