1 сентября 2015, 11:57

Бүгүн унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү

Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-сентябрь транспорт каражатына салык төлөөнүн акыркы күнү экенин эскертет.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындан тышкары, 2-сентябрда, бир күндүн аралыгында турак-үйлөргө, батир жана короо жай, үйдүн жанындагы участкаларга жана бакча-чарбак участокторуна салык төлөө зарыл.
Төлөнбөгөн суммага үстөк төлөө жана административдик жоопкерчиликке тартылуунун алдын алуу үчүн МСК бардык салыктарды өз мөөнөтүндө төлөөгө чакырат.

Салыктарды төлөөнүн мөөнөтү өткөндөн кийин салык органдары төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзөт, андан тышкары транспорт боюнча Мамлекеттик унаа инспекциясынын кызматкерлери менен бирдикте кыймылсыз мүлк боюнча үйлөр жана батирлер текшерилет.Салыкты өз мөөнөтүндө төлөбөгөндөргө 2000 сом көлөмүндө административдик айып пул салынат.

194 номери аркылуу толугураак маалымат алууга болот.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020