1 сентября 2015, 12:15

Атамбаев: Кулматов жылдын аягына чейин таштанды маселесин чечпесе, анда башка жумуш караштыра берсин

"Милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткара албаган шартта Бишкектин мэри Кулматов өзүнө ылайыктуу жумушка кетүүсү керек". Мындай пикирин бүгүн, 1-сентябрда №1 гимназия-интернаттына барган учурда Президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албай жатат. Ошондой эле президент таштанды маселесин жылдын аягына чейин чечүүнү калаа башчыга тапшырды.

"Бишкек таштандыдан арылбай жаткандыгы тууралуу көп арыздар келип түшүүдө. Эгерде жылдын аягына чейин маселени чечпесеңиз, анда башка жумуш караштыра бериңиз. Бажы кызматынын башында турганда сиз өлкө бюджетине жакшы киреше алып келгенсиз. Бирок бул жакта ишти андай алып бара албай жататсыз. Сиз бул жерден паракор чиновниктер жана кагаздар менен иш алып барбайсыз. Бул жактан шаар тургундары менен иштешүү керек",- деди Атамбаев.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020