1 сентября 2015, 18:28

Атамбаев КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 1- сентябрында, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына иш сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу, Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, кыргыз-кытай эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулайт. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар биргелешкен документтерге кол коюлат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш чараларга, Тяньаньмэнь аянтындагы Жеңиш парадына катышат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020