3 сентября 2015, 10:25

БШК: “Эгемен Кыргызстан” партиясы документти белгиленген мөөнөттө тапшырган жок”

“Биз “Эгемен Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткан жокпуз, алар документти белгиленген мөөнөттө тапшырган жок”,-деди “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров. 
Анын айтымында, ошондой эле партия 5 млн сом көлөмүндөгү күрөөнү өз убагында төлөгөн жок. “Алар 700 миң сом гана төлөштү, документти өз убагында тапшырган жок, ошондуктан алар шайлоого катыша албайт, бирок эгер Жогорку сот инстанциядагы чечимди өзгөртсө, биз өзүбүздүн чечимибизди кайра карап чыгуубуз керек”,-деди Р.Бекбасаров. 
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту 2-сентябрда “Эгемен Кыргызстан” партиясынын КР БШКнын партияны шайлоого катышуу үчүн каттоодон баш тарткандыгы боюнча арызын карап, БШКнын чечимин жактаган. 
 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020