14 мая 2013, 12:20

К.Талиева К.Базарбаевдин социалдык өнүгүү министрлигинде жакшы иштеп кете алаарына өзү жоопкерчилик алмай болду

  Вице-премьер-министр Камила Талиева бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында өкмөт тарабынан Социалдык өнүгүү министрлигинин кызмат ордуна сунушталган Кудайберген Базарбаевдин талапкерлигин колдоп берүүнү өтүнүп, анын жакшы иштеп, милдеттерин мыкты жөндөп кете алаарына өзү жоопкерчилик алаарын билдирди.

Комитет мүчөлөрү Социалдык өнүгүү министрлигиндеги акыркы саясий абал, коррупциялык схемалар, балдарды асырап алуудагы коррупциялык иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан министрлердин тагдыры боюнча маселелерди эске салып, мындан кийин ушул сыяктуу көрүнүштөр кайталанбоосу керектигин белгилешти.

К.Талиева билдиргендей, К.Базарбаевдин уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, билим тажрыйбасы жетиштүү. Өзүнүн милдеттерин так аткарып, мыйзам чегинде иш алып барат деген ишенич бар. «Анын жакшы иштеп, министрликти өнүктүрө алаарына өзүм жоопкерчилик алам», - деди ал.

Эске салсак, мурдагы социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султанов К.Талиеванын көрсөтмөсү менен кызматтан кеткен. Ал «К.Султанов министрлик кызматка татыктуу эмес, анын иш тажрыйбасы жетишсиз», - деген кинени айткан болчу.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020