14 мая 2013, 14:13

А.Жээнбеков: 2015-жылы парламенттик шайлоонун ачык-айкын болушу - азыркы бийликти мурункулардан айырмалай турган өзгөчө белги

  Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, парламенттин беш фракциясынын лидерлери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Мыктыбек Абдылдаев жана Алтынбек Сулайманов бүгүн, 14-майда өткөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынына катышышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.

«Таза шайлолор – мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн өбөлгөсү» аттуу маселени талкуулоо учурунда төрага А.Жээнбеков парламентке кезектеги шайлоонун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу – азыркы учурдагы эң маанилүү саясий маселе экендигин белгиледи. «2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоонун ачык-айкын болушу - азыркы бийликти мурункулардан айырмалай турган өзгөчө белги, тарыхый окуя болуп калганы турат», - деген А.Жээнбеков бул маселе депутаттардын да көңүл борборунда экендигин айтып, коалициялык көпчүлүктүн жетекичиси Ф. Кулов баштаган депутаттар шайлоолор боюнча конституциялык мыйзамдын долбоорун сунуштагандыгын эске салды.

Кезектеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн аткарылчу иш-чаралардын катарында төрага партиялар жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү талабын атады. «Шайлоо процессин толугу менен, шайлоочулардын тизмесинен тартып, шайлоонун жыйынтыгын эсептөөгө чейин ачык-айкын камсыз кылуу зарыл. Ал үчүн шайлоочуларды биометрикалык паспорттор, ал эми шайлоо комиссияларын заманбап техника менен камсыз кылууга муктажбыз. Мындай маанилүү ишке бийликтин баардык бутактары, коомчулук, шайлоочулар алдын ала даяр болгону зарыл. Ошондуктан, бул ишке даярдыкты азыртадан баштоо максатка ылайык», - деди А.Жээнбеков.

Улуттук кеңештин жыйынында шайлоо боюнча мыйзам долбоорлорун алдын-ала талкуулап, коомчулуктун пикирин чогулта турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. «Бул мыйзам долбоорлору жалпы коомчулуктун жана парламентке кирбей калган партиялардын катышуусу менен нейтралдуу аянтчада даярдалганы – Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттарынын ар-кандай дооматтардан алыс болгонуна шарт түзөт. Ошондуктан бул жумушчу топтун түзүлгөнү максатка ылайыктуу. Жумушчу топко өтө чоң милдет жүктөлүп, ал жогоруда айтылган проблемаларды чече ала турган мыйзам долбоорлорун даярдашы керек», - деп жыйынтыктады Жээнбеков.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020