14 мая 2013, 14:52

А.Батукаев боюнча комиссиянын иши узартылып, коюлган диагноз боюнча медиктер менен эксперттик топтун ортосунда «беттештирүү» өткөрүлөт

 
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өзүнүн ишин дагы бир жумага узартууну чечти. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда КСДП фракциясынын депутаты, комиссиянын мүчөсү Эркин Сакебаев журналисттерге маалымдады.

Анын айтымында, комиссиянын бүгүнкү жыйынына вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун уулу Данияр Атаханов чакырылган, бирок ал келген эмес.

«Биз чакыргандардын көбү келбей жатат. Бир жуманын ичинде биз аларды сурашыбыз керек. Комиссиянын алдын ала түзүлгөн жыйынтыгы жок. Бирок депутат Ташболот Балтабаев жетектеген эксперттик топ лейкоз жок деп корутунду беришкен. Документке 9 киши кол койгон. Ал эми экинчи жагынан, Батукаевден алынган кан экспертиза өткөрүү үчүн Алматыга жиберилген. Анын жыйынтыгы көрсөткөндөй, лейкоз болгон. Биз диагноз койгон медиктер менен эксперттик топтун ортосунда «беттештирүү» өткөрүүнү көздөп жатабыз. Буга убакыт керек», - деди ал.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020