14 май 2013, 15:12

Мамлекеттик кызмат боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекеттик кызмат боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди Президент Алмазбек Атамбаев "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларциялоо жана жарыялоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана "Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекеттик кадр кызматы мыйзам чыгаруучу орган болбогондуктан, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүүнүн тартиби, ошондой эле декларациянын формасы, аны толтуруу, берүү, эсепке алуу жана сактоо тартиби өкмөт тарабынан аныкталары кабыл алынган мыйзамдар менен белгиленет. Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчтөрүнө кирет.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020