15 мая 2013, 09:52

Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Жамашева: «Сот тармагы эптеп эле эркинен ажыратууну максат кылбайт…»

 А.Батукаевдин иши боюнча «Токтомго нааразы тарап мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Жогорку Сотко даттанууга акылуу», – деп жазылып турат. Эгер бизге кайсы бир тарап арыз менен кайрылса, биз булл ишти Жогорку Сотто карап чыгабыз» деп маалымдадыңыз эле. Арыз менен кайрылган тарап болдубу?

- Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтайын. Эгерде Сотко Жаза өтөп жаткан мекемеден тиешелүү сунуш келип түшпөсө, сот бир дагы материалды карай албайт. «Камакта отурган адамдын мөөнөтүнөн мурда бошотууга мүмкүнчүлүгү бар» деген сунуштар Жаза аткаруу тармагынан келе турган сунуштардан бир күндө республика боюнча сот тармагына жүздөгөнү келет. Жогорку Соттун Төрайымынын жалпы республика боюнча келип түшкөн сунуштар тууралуу кабар алганга мүмкүнчүлүгү да жетишпейт. Батукаев тууралуу сунуш келип түшкөндүгү тууралуу бизде маалымат болгон эмес. Ызы-чуу башталганда кабарлашса, токтом чыккандыгын ырасташты. Демек, такталбаган маалыматты чуулдата берүүнүн кажети жок болчу. Мен «туура бошоткон» же «туура эмес бошоткон» деп комментарий бере албайм. Бул иш боюнча нааразы болгон тараптын арыз же сунуш берүүгө бир жылдын ичинде мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күндө Азиз Батукаевдин иши боюнча мындай арыз түшө элек, келип түшсө соттук коллегия сөзсүз түрдө карайт, укуктук баасын берет.

- Экономикалык кылмыштар боюнча иш козгогон тараптар «биз кылмыш иштерин козгонубуз менен сот тарабынан айып пул же жеңил-желпи жаза менен кутулуп кетишүүдө» деген пикирлерин айтышат…

- Мындай пикир Жогорку Кеңеште да айтылган. Ал жакка УКМКдан «биз коррупционерлерди кармап жатабыз, соттор болсо кое берип жатат» деген маанидеги кат келген. Ага байланыштуу биз өз иш-аракетибизди таразалап, салмактадык. Эми карап көрөлү. Башкы прокуратура тергеген кылмыш ишинде мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгендиги белгиленгени менен тергөө иши сапатсыз жүргүзүлгөн. Иште жабырлануучу катары мамлекеттик мүлк фондусу көрсөтүлгөн. Иликтегенде материалдык зыян мамлекеттик мүлк фондусуна эмес «Улуттук электр станциялар» акционердик коомуна келтирилгендиги аныкталган. Мындай жабырлануучусу так эмес кылмыш ишин сот кантип жыйынтыктайт? Ошондуктан кылмыш ишинин жабырлануучусун так аныктап, тергөөгө жөнөтүш керек. Анткени сот тармагы эптеп эле адамдарды эркинен ажыратууну максат кылбайт да…

Дагы бир кылмыш ишин козгогон тарап мамлекетке келтирилген ири зыяндын көлөмүн божомолдоп койгон. Бул ишти бухгалтердик-эсептик экспертизага жибергенде эч кандай зыян келтирилбегендиги аныкталган. Сот үчүн айыпталуучусу же жабырлануучусу так эмес, келтирилген зыяндын орду аныкталбаган кылмыш иштерин кароо кыйынчылыкка турган учурлар кездешпей койбойт. Бирөөнү «күнөөлүү» деп табыш оңой эмес, чечим чыгаруу кыйын. УКМК кылмышын мойнуна койгон адамдардын жүз пайызын камай албайбыз. Сот тараптардын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин аныктайт. Эгер жүз пайыз камоо керек болсо соттун эмне кереги бар? Факты менен айтайын, бир адам 1 кг 94- грамм героин менен кармалган. Сот анын баш коргоо чарасын камакка алууну тандаган, чечим чыгаргандан кийин, эки жума өтүп-өтпөй кылмыш иши кыскартылып, камактагы адам бошогон. Мындай болгондон кийин баш коргоо чарасын өзгөрткөн сот коркута турган органдын ролун аткарып калган. Мындай иштерге жол берилбеши керек. Жалпысынан алганда 2012-жылы соттун кароосуна баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча УКМКдан 185 материал келген. Мунун ичинен 171 материал боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чаралары камакка алууга өзгөртүлгөн. 14нүн гана баш коргоо чаралары «үй камагына чыгаруу» же «эч жакка кетпөөгө» (подписка о невыезде) өзгөртүлгөн. Демек, «кармагандын баарын сот бошотуп жиберүүдө» деген каттын негизи жок. 2013-жылдын 8-апрелине чейин УКМКдан 42 иштин материалы келип түшсө, 39нун баш коргоо чарасы камакка алынган.

- Ушуга улай дагы бир суроо. Жогорку Сот Равшан Сабировдун ишин 23-майда караганы жатат. Албетте, чечимди сотко төрагалык кылуучу тарап кабыл алат, ошентсе да Жогорку Соттун Төрайымы катары бул боюнча оюңузду уксак…

- Жалпыга маалым болгондой Равшан Сабировго тиешелүү кылмыш ишин кароонун мөөнөтү анын жактоочусунун өтүнүчүнүн негизинде жылдырылган. Мен бул ишти караган судьяларга «Сабировдун иши бир күндүк эмес, кылдаттык менен карап,мыйзамдуу чечим чыгаргыла» -деп айткам. Ага каршы болгон же аны жактаган далилдерди өз деңгээлинде карап, жыйынтык чыгаруу керектигин эскерткем. Учурда иштин материалын иликтеп жатышат, албетте жыйынтыгын өздөрү чыгарышат.

- Жогорку Соттун мурдагы басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин кызматтан мыйзамсыз алынгандыгы туурасында ЖМКларда арбын айтылды. «Алиби» гезити да алардын катарында бар. Аны кызматтан алууда тиешелүү протокол бурмаланып,(бул тууралуу айрым судьялар да пикирлерин билдириптир) бир катар мыйзам бузуулар болгондугу белгиленген эле, сиз тараптан рекция болгон жок…

- Официалдуу маалымат таратпаганыбыз менен келген ЖМКлардын өкүлдөрүнө маалымат бергенбиз. Бактыбек Рысалиев «тиешелүү чогулуштун протоколу бурмаланып, Жамашева атайылап жаздырып койгон» деп жатпайбы. Ал көтөрүп жүргөн актыга эки судья кол коюптур. Чогулушка актыга кол коюп берген Осмонкулов менен Жороевден сырткары Жогорку Соттун жыйырмадан ашуун судьясы катышкан. Ошол судьялардан сураса чогулуштун болгон же болбогонун тактап беришет да. Ушунча судья катышкан чогулуштун протоколун мен кантип бурмалашым мүмкүн? Кийин Осмонкулов менен Жороевден сурасам, Рысалиев келип, «менин тагдырым чечилип, кызматтан кеткени жатам, кол коюп койгула дегенинен коюп бердик эле» дешти. Калган чогулушка катышкан жыйырмадан ашык судья учурда кызмат орундарында кааласаңар барып сурап көрсөңөр болот.

- Сиздин квартира алганыңыз да бир топ талкууну жаратты эле?

- Мен кызматка 2007-жылы башка региондон келгем.Төрт балам бар, 18 жыл сот тармагында эмгектенип келатам,бирок ушул мезгилге чейин мамлекеттен үй да жер да алган эмесмин.Бишкекке кызматка келгенден кийин эл катары №9-болуп, үй алуунун кезегине турдук. Ошол тизме менен менден мурун турган үч судья квартира алган. Жогорку Соттун 2 аппарат кызматкерлери да батир алышты. Менин алдымда кезекте тургандардын бири уста болуп эмгектенет экен. Дагы бири квартирасын кеңейтүү үчүн кезекте туруп, бирок кезекти күтпөй кызматтан кетти. Иштен кеткен адамга кызматтык квартира берилбей тургандыгын көпчүлүк жакшы билет. Ал эми «Жал Артисттен» берилген квартиралар мамлекеттик кызматкерлерге бериле турган программага киргендиктен устабыз ал программага кире албай калды. Ошентип кезек жылышып,төрт балам бар экендиги эске алынып мыйзамдуу түрдө алгачкы жолу 50 квадрат метрдин тегерегиндеги эки комнат квартира алгам. Мен бул жерден бир нерсени тактай кетсем, бул берилген батир акысыз берилген жок. Мамлекеттик кызматтагыларга жеңилдетилген ипотека түрүндө берилген батир болуп саналат. Башында 30 пайыз каражатын мамлекет төлөдү,бирок биз толугу менен 10 жылдын ичинде толук суммасын төлөйбүз,анын ичинде мамлекет жардам кылган 30 пайызды да төлөйбүз. Мен ай сайын белгиленген (график )тизмедеги каражатты төлөп турам. А з ы р б и з д е к л а р а ц и я толтурдук,бирок ал батирди толук менчигиме өтпөгөндүктөн көрсөтө да албадым. Жалпы бардык каражатын төлөп бүткөн соң гана менчикке чыгарылат.

- Учурунда экс-судья Перизат Абакировага «Азимжан Аскаровду актап бер деп пара сунуштап, эгерде актап берсең бул кызматың сотторду тандоодо эске алынат» деп айткандыгыңыз тууралуу ЖМКларга маалымдаган. Сиз муну жокко чыгардыңыз. Андай болсо үчүн жаран катары П. Абакированын жала жапкандыгын сот аркылуу далилдегенге аракет жасаган жоксуз?

- Жаран катары Перизат Абакированын жалаа жапкандыгы боюнча сотко кайрылсам болмок. Бирок Жогорку Соттун Төрайымы болгондон кийин бул кадамды жасай албадым. «Карга карганын көзүн чукубайт, Жогорку Соттун Төрайымынын «ыры ырдалат», ишти караган сот анын пайдасына чечет» деген сыяктуу «ооздугу жок» сөздөрдүн чыгышын каалаган жокмун. Ток этээри сөздү ырбаткым келген жок. Ошондо бул айткандарым жалган анын айтканы чын болсо, эмнеге " Темирди ысыгында ур” деп кыргызым айткандай, ысык кезинде айтпайт? Перизат Абакирова бул сөздү сотторду тандоо кеңешинен, президенттин кароосунан өтпөй калгандан кийин чыгарганы эле көп нерсени айтып турат. Болгону Абакированын абийирине койдум.

- Жогорку Соттун ишмердигин иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджеттин каражатынан 5 миллиондон ашуун сом максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондугу тууралуу маалыматтар айтылган. Буга эмне дейсиз?

- Ооба, сиздердин гезит да «акчаны төрайым менен аппарат башчысы Жандаралиев экөө жеп алган» деп жазып чыккан. Кеп болгон конференц-зал курулуп жатканда мен Жогорку Сотто төрайым түгүл, Жогорку Соттун судьясы да болуп иштеген эмесмин. Ал учурда мен Ошто иштеп жүргөм. Мен келгенде конференц-зал курулуп бүтүп, эксплуатацияга киргизилген объект болгон. «Башкы прокуратура булл боюнча кылмыш ишин козгогон» деген маалыматты мен сизден угуп жатам. Жогорку Соттун ишмердигин иликтеген ведомстволор аралык комиссия зыян келтирилген деп аныктап, экспертиза дайындалган. Бул 2007-жылга тиешелүү курулуш ишинде материалдык зыян келтирилген эместиги ошондон берки эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн негизинде жыл сайын аныкталып, эмнегедир өткөн жылы чыгып калышынын өзү деле күмөндүү.

- Албетте, башка тармактар апакай дегенден алыспыз, ошентсе да акыркы учурда Жогорку Соттун аппарат кызматкерлери, жергиликтүү Соттун судьялары пара менен колго түшкөн фактылары көп катталууда. Мындай эгемендик алган Кыргызстандын тарыхында боло элек эле….

- Азыр өлкөдө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик деңгээлде биринчи жыйынтыгы берилип жатат. Өзүңүз айткандай сот тармагы гана эмес башка мамлекеттин бутагынын өкүлдөрү да кармалууда. Коррупцияга каршы күрөшүү деген аракеттин аркасы менен бардык укуктук тармактарда ишеним телефондору иштеп жатпайбы. Албетте, ар бир кызматкердин артынан көзөмөл кылганга мүмкүнчүлүк жок. Фактылар болуп жатканын тана албайбыз, сот тармагы үчүн бул өкүнүчтүү. Бирок, андай фактылардын иш жүзүндө болгондугуна же болбогондуна сот гана баа берет. Аппараттын ичинде кичине эле илинчек табылса, катуу чаралар көрүлө тургандыгын эскертип жатабыз, кызматкерлер мындан жыйынтык чыгарат деген ойдомун.

- Коррупция менен күрөшүүнүн алкагында кылмыш иши козголгондор көп болгону менен, сот жообуна тартылгандардын арасында көрүнүктүүлөрү үчөө эле. Булар жогоруда айтылган Равшан Сабиров, Талас облусунун губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Н.Бектенов жана Токтогул районунун мурдагы судьясы, калгандарычы?

- Көрүнүктүүлөрү ушулар деген менен, анчалык аты чыкпагандары көп эле. Өткөн жылы кызматтык кылмыш иштери менен 221 адамдын үстүнөн айыптоо өкүмү чыгарылган. Алардын ичинен 31и аялдар. 69 адамга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдөр чыгарылган. 74 адамга айып , үч эселенген айып төлөө деген сыяктуу жазалар чектелген. Мисалы Соттордун Кеңеши 2012-жылы 6 судьяга кылмыш ишин козгогонго уруксат берген, жыл башынан бери эле азыркы күнү 3 судьяга кылмыш иши козголду. Сот системасы тазаланып, элдин ишенимин арттырганга көптөгөн аракеттер көрүлүп жатат. «Бара-бара көч түзөлөт» дегенге ишенемин.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020