15 мая 2013, 11:02

Депутат И.Исаков: Жогорку соттун төрагасы президенттин катышуусундагы расмий иш-чараларга катышпоосу тийиш

  Жогорку соттун төрагасы президенттин катышуусундагы расмий иш-чараларга катышпоосу тийиш. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Парламент бүгүн Жогорку сотунун Конституциялык палатасына Чынара Айдарбекова, Жумадил Макешев, Айсалкын Нарынбекова, Жедигер Саалаев, Чолпон Осмонова жана Нурлан Садыковдун талапкерлигин кароодо.

И.Исаков билдиргендей, соттор өз ишмердүүлүгүндө мыйзамды гана жетекчиликке алып, бийликтен көз каранды болбошу шарт.

Депутаттын айтымында, мурдагы бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттери соттордун катышуусу жана алардын кемчиликтери аркылуу ишке ашкан. Ошондой эле өлкөдө 2 революция орун алгандыгына да соттордун түздөн-түз күнөөсү бар. 

«Соттор көз карандысыз болуусу тийиш жана учурдагы Жогорку сот төрагасы президенттин катышуусундагы расмий иш-чараларга катышып жүргөндүгү туура эмес. Ал мамлекет башчынын, же башка расмий адамдардын коштоосунда эл алдына чыкпашы керек», - деди Исаков.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020