15 мая 2013, 12:18

"Новая Тура" соода борбору күйүп, 500гө жакын мекендештерибиз жабыркашты (ФОТО)

13-майда Казань шаарынан 20 км алыстыкта жайгашкан «Новая Тура» соода борборун от каптап, 21 миң чарчы метр базар оруну жана скалддар күйүп кетти. Бул тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Татарстан боюнча МЧСтин маалыматы боюнча жалынды басууга 300 өрт өчүрүүчү , 70 өрт өчүрүүчү унаа жана МИ-8 вертолету катышты. Курман болгондор жана кыйроолор жок, деп билдирет МЧС. Кырсыктын себеби азыркы учурда аныкталууда.  Коопсуздукту сактоо үчүн жана күйбөгөн товарларды кайтаруу максатында  300 полиция кызматкерлери иштеп жатат.

Татарстандагы «Ынтымак» кыргыз диаспорасынын жетекчиси жана «Замандаш» ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Муканбетов Бейшенбектин маалыматы боюнча, өрт кечээ күндүз  саат 14.05 те башталып, түнкүсү гана өчүрүлгөн.  Өрттүн натыйжасында 21 миң чарчы метр күйүп кетти. Базарда 5-11 катарларда жайгашкан болжол менен 500 жакын мекендештерибиздин базар орундары бар болчу. Алардын ар бири болжол менен минимум 2-3 миллион рубльга банкрот болушту. Кээ бирөөлөрү 20 пайыз товарын сактап калышса, толугу менен банкрот болгондордун саны көп. 

Эске сала кетсек, «Новая Тура» соода борбору 2012-жылдын аягында ишке кирип, 14 500 соода оруну жана 13 600 автоунаа коючу жери бар болчу.

 

 

 

 

 


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020