3 июня 2013, 14:54

УКМК ачкачылык кармап жаткан Ташиевге дарыгер жөнөттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында кургак ачкачылык кармаган, Жогорку Кеңештин тергөө иштери жүрүп жаткан депутаты Камчыбек Ташиев дарыгердин туруктуу көзөмөлүндө болууда. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

"Убактылуу кармоочу жайдын дарыгеринин берген баасына таянсак, Ташиевдин саламаттыгы коркунуч туудурбайт. Ташиевдин өзүнөн арыз-даттануу түшкөн жок",- деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 3-майда "ВБ" кабарлагандай, Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов "Ата-Журт" фракциясынан депутат Камчыбек Ташиев Ысык-Көл жана Жалал-Абад областында митингге чыгып жаткандарга тилектештик белгиси катары кургак ачкачылык жарыяланганын билдирген.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020