3 июня 2013, 15:07

А.Медетбеков үч телеканалдын журналисттерин сотко берет

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков «5-каналдын», «Пирамиданын» жана КТРКнын журналисттерин сотко берет. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Анын айтымында, 31-майда жогоруда аты аталган каналдардын өкүлдөрү Жети-Өгүз районундагы окуяларга тиешеси бар деген «ушак-айың маалыматтарды» таратышкан.

«Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы окуяларга арналган материалдар мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу каналдар аркылуу берилди. Журналисттер анонимдүү булакка шилтеме беришип, «Кумтор Оперейтинг Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүнө каршы жергиликтүү эл тарабынан өткөрүлүүчү акцияны даярдоо жана ишке ашырууга менин катыштым бар деп билдиришти», - дейт ал.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020