3 июня 2013, 16:48

Атаханов Жалал-Абад облусуна барбайт

Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов Бишкек - Ош жолун тосуп митингге чыккандар менен жолугушууга барбайт. Бул тууралуу "ВБ"га вице-премьер-министрдин жардамчысы Болот Бакиров билдирди.

"Учурда бул маселе боюнча тиешелүү органдар менен жыйындар болуп жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, 31-май күнү митингчилер өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча атайын өкүлү Жусубали Төрөмаматовдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, анын ордуна "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү Медер Усеновду бир добуштан колдошуп, аны "элдик губернатор" кылып шайлап ашышкан. Ошондой эле алар, "Кумтөр" келишимин жокко чыгарууну жана "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын боштондугун талап кылышкан.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020