3 июня 2013, 17:05

Акыйкатчы: Кырдаалдан улам Садыр Жапаровго операция жасалбай калган

Бул тууралуу Турсунбек Акун бүгүн УКМКнын убактылуу тергөө абагына кирип чыккандан кийин "Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Садыр Жапаровго 1-июнда медициналык операция жасалмак, бирок кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу операция жасалбай, аны оор акыбалда ооруканадан чыгарып, СИЗОго киргизип коюшкан.

Ал эми 1-июндан тартып кургак ачкачылык жарыялаган Камчыбек Ташиев Акыйкатчы менен жолугушуудан баш тарткан, Турсунбек Акун камалган депутаттардын бири Талант Мамытов менен жолугушканын кошумчалады.

"Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 1-июндан тарта суу да ичпей, кургак ачкачылык кармоодо. Камчыбек Ташиев өзүнүн апелляциялык арызы каралбай, создуктурулуп жатканына, Жалал-Абадда Медер Үсөновдун камакка алынышына, Жети-Өгүздө элге күч колдонулганына нааразылык көрсөтүү менен бирге Кумтөр келишимин жокко чыгаруу талабын коюуда.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020