4 июня 2013, 07:40

«Кумтөр» боюнча маселе Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынган эмес

 А.Бекназаров кечээ, 3-июнда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу «бийликти «Кумтөр» боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароону белгисиз мөөнөткө жылдыруу үчүн Жалал-Абаддагы митингди уюштурууда» деп айыптап, билдирүү жасады. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Эске салсак, «Кумтөр» маселеси парламентте 2013-жылдын 21-февралында каралган. Жыйынтыгында «Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр оперейтинг компани» ЖАКы тарабынан сакталышын текшерүү жана изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу» Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган.

КР өкмөтүнө «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен 2009-жылдагы «Кумтөр» боюнча келишимди кайра карап чыгуу үчүн 3 ай мөөнөт берилип, 2013-жылдын 1-июнуна карата аткарылган иштер боюнча маалымат берүү тапшырылган. КР Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө төмөнкү тармактык комитеттерге жүктөлгөн: – Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине, Эл аралык иштер боюнча комитетине жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине.

Аткарылган иштер тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматы Жогорку Кеңешке үстүбүздөгү жылдын 31-майында келип, жогоруда аталган комитеттердин кароосуна жиберилген. Бул комитеттердин аталган маселе боюнча биргелешкен жыйыны бүгүн, 4-июнда болот.

Жогоруда айтылгандарын негизинде А.Бекназаровдун билдирүүсү жүйөөсүз деп белгилейбиз.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020