4 июня 2013, 07:50

Бишкек - Ош жолу дагы деле жабылган бойдон турат

"Эгемен Кыргызстан" партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору, партиянын төрага орун басары, 2010-жылы атамбаевчил революционер, азыркы оппозиционер Медер Үсөновдун 2-июлда кара маскачан, автоматчан атайын кызматкерлер тарабынан Бишкекке уурдалып кетишине байланыштуу анын тарапташтары тоскон Бишкек-Ош жолу дагы деле жабык бойдон турат. Бирок, түн ичинде оруулуулар жана кош бойлуу аялдар жолдон өткөрүлдү.

Жол тоскондордун саны 200 гө чейин азайды. Машиналар да түндө артка кайткандар көп болгондуктан азая түштү. Жол тосуп тургандардын арасында бүгүн Медер Үсөновдун баш коргоо чарасы боюнча Бишкекте сот болорун, сүйлөшүү жүргүзгөн бийлик өкүлдөрү Медер Үсөнов үй камагына чыгарыларына убада берип жатышканын, эгер андай болсо жолду ачышаары тууралу сөз тарады. 

Ал эми көп жолоочулар тосулган жерди жөө-жалаңдап өтүп, андан ары такси кармап кетүүдө. Таксинин жол акысы кескин өсүп баратат. Ал эми эзилип, агып кетчү помидор, өрүк сындуу жашылча-жемиштери бар соодагерлердин товарын аркы тарапка ташып берүү кызматын сунуш кылган тачкисттердин саны да өсүп баратат. Жалпысынан товар жүктөлгөн оор жүк ташуучу машиналардын саны 100 гө жакындайт.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020