4 июня 2013, 09:33

Жалал-Абаддагы митингчилер Медер Үсөнов бошотулбаса 10-июнга чейин Ош-Бишкек жолу жабык боло тургандыгын айтышууда

Облустук ИИБден билдиришкенине караганда Жалал-Абаддагы митингчилер өзүн "элдик губернатор” жарыялаган Медер Үсөновду үй камагына чыгарууну же эч жакка кетпөө тил катын алып коё берүүнү бийликтен талап кылууда. Бул талап аткарылса Ош-Бишкек жолун ача тургандыктарын билдиришүүдө. Эгерде Үсөнов боштулбаса Барпы айылына чогулгандар 10-июнга чейин Ош-Бишкек унаа жолун тосушарын айтышууда. Анткени ушул күнү камакта жаткан депутат Камчыбек Ташиев боюнча соттук отурум болот. Чогулган эл сот процессинин жыйынтыгын күтүшмөкчү. Айта кетсек, учурда баатыр энелер жана бир канча аялдар дагы деле Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратында отурушат. Алар облус башчысы Жусубали Төрөмаматовду иш ордуна киргизбегендиктен, Төрөмаматов учурда Жалал-Абад ОИИБинин имаратында иш алып барууда. 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020