4 июнь 2013, 10:09

Эксперт: Түштүктөгү митинг укук коргоо системасынын алсыздыгын көрсөттү










 
  Кыргызстандын Жалал-Абад областында болгон митинг укук коргоо системасынын чабалдыгын дагы бир ирет эске салды. Мындай пикирин
кечээ, 3-июнда Борбордук Евразиянын инфраструктуралык долбоорлору боюнча эксперт Кубат Рахимов "ВБ"га билдирди.

Анын пикиринде, "квазипарламенттик системанын отунбаева-текебаевдик механизмдери өзүн көргөзүп жатат" жана коалиция боюнча шериктери менен кесиптештери "президент Алмазбек Атамбаевди ушундай жагдайга тап кылды".

"Бүгүнкү күндө бийлик үчүн эң эле коркунучтуусу 7-8 очоктун бир убакта чыгып жатышы. Мындай маалда баардык фронтторго ресурстар жетишпей калат. Азыр чатактарды алдын алуу жана баштапкы баскычында токтотуу маанилүү. Негизинен акыркы учурда болгон жагдайлар заманбап Кыргызстандын укук коргоо системасынын алсыз жерин дагы бир ирет эскертти",- дейт эксперт.

Эскерте кетсек, 31-майда митингге чыккандар Жалал-Абад областындагы өкмөттүн атайын өкүлү Жусубали Төрөмаматовду кууп жиберишип анын ордуна "Ата-Журт" партиясынан Медер Үсөновду элдик губернатор кылып шайлашкан. Алар ошондой эле "Кумтөр" келишимин денонсация кылууну, "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттарын бошотууну талап кылышкан.


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020