4 июня 2013, 11:59

Чүй облусунда Бишкек-Ош жолунда бензин ташуучу унаа кулап, 35 тонна күйүүчү май төгүлдү

 
 Чүй облусунда Бишкек-Ош жолунда бензин ташуучу унаа кулап, 35 тонна күйүүчү май төгүлдү, деп маалымдайт КР ӨКМ басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 08:55те диспетчерге кулаган бензин ташуучу унаа жана кабинада калган айдоочу тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык Жайыл районунда Бишкек-Ош жолунун 105 км болгон.
«Ал жерге үч адамдан турган куткаруучулар келген. Анда Бишкек шаарынын тургуну 38 жашар Мирбек Абдыбаев DAF үлгүсүндөгү унааны Ош тарапка айдап бара жатып, унааны башкара албай, четке чыгып кеткен. Натыйжада, ал кабинадан чыга албай калган”, - деп билдирет ӨКМ.
Куткаруучулар келгиче, айдоочуну жолдогу адамдар алып чыккан, ал жабыр тарткан эмес жана ооруканага баруудан баш тарткан. Жол кырсыгынан улам 35 тоннага жакын май төгүлгөн. «Учурда Сосновка жана Талды-Булак айыл округдарында суу курамы текшерилгиче, ичүүчү суу берүү токтотулган”, - деди басма сөз кызматынан.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020