4 июнь 2013, 13:11

Бишкек – Ош жолунда күйүп кеткен машинанын ичиндегилердин өздүктөрү аныкталды

 
Жайыл районунда катталган жол кырсыгында күйүп кеткен машинанын ичиндегилердин өздүктөрү аныкталды. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 3-июнда түнкү саат 3төр чамасында Жайыл районунда "Мерседес Бенц" машинасынын айдоочусу, 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Бишкек – Ош жолунун 75-чакырымында рулду башкара албай "Ауди-100" машинасы менен кагышкан.

Жол кырсыгынан "Ауди-100" машинасы толугу менен күйүп кеткен. Машинанын ичиндеги 28 жаштагы жана 23 жаштагы Орто-Суу айылынын тургундары машинадан чыгууга үлгүрбөй күйүп кеткен.

Андан сырткары "Ауди-100" машинасынын ичиндеги 23 жаштагы жүргүнчү менен "Мерседестин" 38 жаштагы жүргүнчүсү оор жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кайгуул кызматы окуянын чоо жайын иликтөөдө.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020