4 июня 2013, 13:19

Депутат Р.Төлөгөнов: Өкмөт менен «Центерранын» сүйлөшүүсү «тупикке» кептелди

 
 Бүгүнкү күндө өкмөт менен канадалык «Центерра Голд.Инк.» компаниясынын Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрү «тупикке» кептелди. Мындай пикирди «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңеште билдирди.

Учурда парламенттин үч комитетинин: Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча жана Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында, «Кумтөр» долбоору боюнча 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу, экологиялык чыгымдарды кайтарып алуу боюнча «Центерра» менен өкмөттүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.
Р.Төлөгөновдун пикиринде, бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тунгуюкка келип калды. «Мындай тыянакты Башкы прокуратуранын берип жатканын жообунан көрүп жатабыз. Кардиналдык чечим жок. Улам кийинкиге жылдырып, сүйлөшүүлөр үчүн улам мөөнөт сурап жаткандары – атайын убакытты создуктуруп жаткандай сезилүүдө», - деп билдирди депутат
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020