4 июнь 2013, 13:44

Ооруканада дарыланып жаткан С.Жапаров менен Т.Мамытовду кечээ кечинде толук айыгып бүтө электе чыгарып кетишти, - адвокат А.Токталиев

  
 Бишкектеги №4 ооруканада дарыланып жаткан депутаттар Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду кечээ, 2-июнь күнү кечинде толук айыгып бүтө электе чыгарып кетишти, деп билдирди алардын адвокаты Акин Токталиев.
 
Анын маалыматы боюнча, УКМК СИЗОсунун кызматкерлери башчысы Бакыт Козубаевдин жетекчилиги астында соттун токтомусуз жана дарылоочу врачтын уруксатысыз бейтаптарды алып кетишкен, муну менен алар депутаттардын ден-соолуктарына коркунуч келтиришкен. «Алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен ашып кетишти деп эсептейм», - дейт адвокат.
 
Ал, аталган фактыны бийликти кыянаттык менен пайдалануу, адамды уурдоо жана адамга кол салуу деп эсептөөдө.
 
А.Токталиевдин айтымында, Бишкектеги илимий-изилдөө институту борборунун башкы врачы А.Кубатбеков жана бөлүм башчы М.Кудайкулов бейтап Садыр Жапаровго стационардык шартта врач-травматологдун дарылоосунда болууга көрсөтмө берди. «Жапаровго операция зарыл, ал эми ага чейин жүрөгүн жана кан басымын текшертип медициналык даярдыктан өтүшү керек болчу. Бирок аны операцияга даярдык көрүп жаткан учурда чыгарып кетишти, дарыланууга мүмкүнчүлүк беришкен жок», - деди адвокат.
 
«Ал эми депутат Т.Мамытовдо митинг учурунда баш мээси чайкалган деген диагноз бар. Мындан тышкары анын ички органдары да жабыр тарткан», - дейт А.Токталиев.
 
Ал билдиргендей, «саясий-кылмыш заказын аткаргандыгы үчүн» УКМК СИЗОсунун башчысына карата кылмыш ишин козгоо жана аны жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылды.
 
Ошондой эле кайрылуу ЖК төрагасына, парламенттин 15 депутатына жана президентке, УКМК төрагасына жөнөтүлдү.
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020