4 июнь 2013, 14:12

Бийлик менен митинчилердин ортосунда саясый диалог жок

  
Мындай оюн  Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча саясат таануучу Уран Ботобеков билдирди.

Айтымында, Медер Үсөнов 2010-жылы басып алуу жолу менен 10 күндөн ашык облустук бийлик башында турган. Бирок анда убактылуу өкмөт аны жана анын тегерегиндегилерди «Апрель баатыры» деп аташкан.

«Азыр да так ошондой жол менен бийликти алса, эми аны кылмышкер деп камакка алышты. Бул болсо эл арасында, «эгер ал кылмышкер болсо, ошондо эле камакка алышпайт беле», - деген сөздөрдү жаратууда», – дейт.
 «Экинчиден, Кыргызстандын тагдыры өтө опурталдуу жагына оошу мүмкүн, анткени бийлик менен митингчилердин ортосунда диалог жок. Бийлик азыркы түзүлгөн кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жүргүзүп, алардын талабын угуп, компромисс жолун табышы керек», - деди.
 

 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020