4 июнь 2013, 14:53

ЖК Кумтөр маселеси боюнча Өкмөттүн жана мамкомиссия юридикалык консультанттарынын көз карашынын айырмаланышына таңданууда

 Отун-энергетикалык комплекс жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев Кумтөр маселеси боюнча КР Өкмөтүнүн жана мамкомиссиянын юридикалык консультанттарынын көз карашынын айырмаланышына таңданды. Бул туурасында депутат бүгүн парламенттин 3 комитетинин биргелешкен жыйынында билдирди. Анда «Центерра Голд Инк.» менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча Өкмөттүн отчету угулууда.
Ал Кумтөр боюнча мамкомиссия ишине тартылган израилдик «Мушкат» юридикалык компаниясынын сунуштары тууралуу эске салды. Депутаттын айтымында, анын юристтери Өкмөттүн Центерра менен болгон эл аралык арбитраждык процессте, ошондой эле бир нече млрд доллар өлчөмүндө компенсация талап кылууда жеңип чыгуусуна ишеним билдирген.
Ошол эле кезде К.Рыспаев билдиргендей, Өкмөттүн «DLA-Piper» компаниясынын консультанттары мындай ийгиликтерден күмөн санайт.
Депутат эмне себептен, мамкомиссия консультанты болгон жана өлкө кызыкчылыгын мүмкүн болчу арбитражда коргоого алууга даяр болгон «Мушкат» компаниясын Өкмөт алмаштырууга барган деген суроо коет.
Өз кезегинде КР экономика министри Темир Сариев бийлик өлкөгө акысыз негизде жардам көрсөтүүнү каалаган «Мушкат» компаниясы менен кызматташууну улантып жаткандыгын маалымдады.
 

 


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020