4 июнь 2013, 14:57

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттарын Жети-Өгүз районунун тургундары жакшы кабыл алып, арыз-муңун бетме-бет жеткиришкен

 
 «Фабула» гезитинин 4-июндагы санында «Жети-Өгүздөгү нааразычылык акциясына элге акыл айтмакчы болуп «Ата Мекендин» «атамандары» Ө.Текебаев менен Э.Алымбеков да барып, каарданган эл аларды тескери кабыл алып, сөз сүйлөтпөй, тепкиге ала жаздаганын баргандар айтып келишти», - деп жазылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы акциянын катышуучулары менен Жогорку Кеңештин депутаттары Эркинбек Алымбеков менен Жоомарт Сапарбаев 31-майында, ал эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1-июнда жолугушуп келишти. Депутаттар маалымдагандай, жогоруда аталган газетада жарыялангандай эмес, тескерисинче, аларды жергиликтүү эл өтө жакшы кабыл алып, арыз-муңун бетме-бет жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болгонун белгилешкен.

«Ушундан улам «Фабула» гезитинин 4-июндагы санында жарыяланган «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттарынын дарегине айтылган маалымат жалган экенин билдирип коюу ниетин көздөп жатабыз. Мезгилдүү басылмалар маалыматты жарыялардан мурун ишенимдүү, так булагын тандап алса максатка ылайык болор эле деп эсептейбиз», - деп айтылат маалыматта.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020