5 июня 2013, 09:18

Ош-Бишкек унаа жолун тосуп алышкан митингчилер М.Үсөновдун келиши менен жолду ачышат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы Ош-Бишкек унаа жолун тосуп жатышкандар азыркы учурда дагы жолду ачыша элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы Орозалы Карасартов билдирди.

Жолду тосуп жаткан митингчилердин саны акыркы маалыматтар боюнча 500 адамды түзүүдө.

Маалыматка ылайык, андагы митингчилерди колдоп Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Өзгөн райондорунан да адамдар кошулууда.

Жол тоскон митингчилердин бири Шайырбек Ташиевдин айтымында, саат түнкү 00:30да Медер Үсөнов бошотулган. «Эми бүгүн саат 12:00гө чейин митинг кылып жаткан адамдарга келиши керек. Ошондо гана жолду тосууну токтотобуз», - деди ал.

Ош-Бишкек унаа жолун тосуп алышкан митингчилер М.Үсөновдун келиши менен жолду ачышат
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020