8 сентября 2020, 16:44

Кожобек Рыспаев: Депутат болуудан чарчадым



Буга чейин, Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты Кожобек Рыспаев 2020 жылдагы шайлоодо өзүнүн талапкерлигин койбой тургандыгы маалым болгон. Кабарлар.kg маалымат агенттиги Рыспаевдин кандай себептер менен шайлоого барбай турганын билүү үчүн өзүнө байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтып өттү.

“Мен буга чейин элиме кызмат кылдым, кандай иштегениме эл тараза, бааны элим берет. Депутаттык мезгилде мени ээрчиген ыплас сөздөргө түшүнүү менен туруштук бердим.  Азыркы тапта мен ден соолугума жана үй бүлөмө кам көрүп депутаттыкка аттанбайм деп чечтим. Мен чарчадым, эми эс алам. Мындан кийин чыгармачылык, ишкерлик менен алектенем. Элге кызмат кылуу үчүн сөзсүз депутат болуунун кажети жок” – деп билдирди эл өкүлү.
5 комментариев
  1. Аноним#3487
    Жопализистти эч Ким кошпой койду да ,анткор..
  2. Аноним#222
    Элитный баран эс алсын мени уялтпай
  3. Аноним#5339
    Эми чырмачылык ийгилик, жакшы чыгармаларды кутобуз)))
  4. Аноним#1574
    Жакшы кылыптыр биз дагы эс алалы сенден
  5. Аноним#3474
    Күлкүнү келтирет го

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021