Ош облусунун Ноокат районунда 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Унаада 3 адамдын ичинен бирөөсү аман калып (1974-жылы туулган), 2 жаран (1956-жылы туулган эркек киши жана 2016-жылы туулган жаш бала) сууга түшүп кеткен.

Маалым болгондой, агып кеткендер таятасы менен жээн неберси болгон. Ал эми аман калган күйөө бала сойлоп олтуруп жолго чыгып унаа тоскон.

“Портер менен жайлоодон мал алып келе жаткан экен, кабинада небереси уктап жаткан. Күйөө баласы кырсык болгон учурда эшик ачылып кетип жерге түшүп сайга кулаган. Кудам небереси экөө 200метрдей бийиктиктен сайга учуп машине жалпайып суунун ортосунда оодрылып ташка илинип калыптыр. Канча убакытда күйөө баласы сайдан эптеп ормолоп жолго чыкса, бир жолоочу машине менен ооруканага жеткизген”,– дейт туугандарынын бири.

 


15-сентябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн  КР ӨКМден 17 куткаруучу тартылды.

16-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020