18 сентября 2020, 19:19

Россия өлкөгө кирүү эрежесин өзгөрттү

Орусиянын бийлиги өлкөгө кирүү эрежесин жеңилдетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн жыйынында премьер-министр Михаил Мишустин чет элдиктер Орусиянын жарандыгы бар жакын туугандары болсо, визаны оңой жол менен алууга мүмкүн экенин жарыялады.

Анын айтымында, жакын туугандарга жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары, чоң ата, чоң энеси же неберелери кирет.
"Мындай тууганы бар адамдар визаны бир жылдык мөөнөткө чейин ала алышат. Ал үчүн чет элдик жарандын тууганы кат менен гана кайрылышы керек", - деп билдирди Мишустин.

Мындан сырткары виза алуу укугун сактап калуу үчүн ар үч ай сайын Орусиядан чыгып, кайра кирүүнү талап кылган эреже мыйзамдан алып салынмай болду.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021