jump to https://bit.ly/2YXP4q5
4 сентября 2012, 11:18

Ж.Сатыбалдиев: Мен КСДПнын мүчөсү эмесмин

Ж.Сатыбалдиев: Мен КСДПнын мүчөсү эмесмин«Кыргыз өкмөтү чече турган бардык көйгөйлөрдү толук түшүнүп турам», - деп билдирди президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев. Эскерте кетсек, президенттин аппарат башчысын жаңы парламенттик көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка талапкер катары карашууда.

Анын айтымында, экономика жаатындагы абал өтө оор жана ал түп-тамырынан бери чечилүүгө муктаж.

Ж.Сатыбалдиев билдиргендей, ал «топтук ыкмалар» менен иштегенге ниети бар жана «мүмкүнчүлүгүнө жараша министрлер кабинетинин негизги курамын сактоого аракет кылат».

«Өкмөттөгү негизги орундарга дайындоо маселелери тууралуу фракциялардын лидерлери менен чыр-чатаксыз чечишкениме ыраазымын. Министрлик менен ведомстволорго кандайдыр бир партияларга тиешелүү адамдар эмес, профессионалдык сапаты жана тажрыйбасы бар адамдар келиши керек экендигин депутаттар менен макулдаштык», - деди Ж.Сатыбалдиев.

Бийликти вертикалдуу куруунун жактоочусу экенин ырастап, бул маселе эң биринчилерден болуп чечилерин айтты.

«Жер-жерлерде башкармалар билишпейт эмне кылаарын, бирде алар мыйзамды карашса, бирде жогорку жактагы көрсөтмөлөрдү карашат, мындай нерсе болбошу керек. Жергиликтүү бийлик ченемдик-укуктук нормалардын негизинде өкмөт менен биргеликте иштеши керек. Жакынкы күндөрү биз Жогорку Кеңешке сунуш кыла турган экономикалык программаны ишке ашыруулары зарыл», - деп билдирет Ж.Сатыбалдиев.

Жумуштун биринчи этабында бир дагы ведомствонун жетекчисин алмаштырбай өкмөттүн азыркы курамы менен иштөөгө даяр экендигин белгилеп өттү. «Бирөөнү алмаштыруудан мурун, мен ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткара албай жатканын көрүшүм керек», - дейт ал.

Ж.Сатыбалдиев бийлик партиясы – КСДПнын мүчөсү тууралуу маалыматты четке какты. «Мен дайыма партияда жок адаммын жана ар кандай кыймылдарга жана саясий уюмдарга кирген эмесмин. Ооба, мени партияда жок адам катары КСДП партиясы сунуштады», - деди Сатыбалдиев.

Эскерте кетсек, 5-сентябрда Жогорку Кеңеш биринчи пленардык жыйынында Ж.Сатыбалдиевди премьер-министр кылып бекитүү маселесин карашат.

Булак : 24.kg маалымат агенттиги
      

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
gazeta
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter