24 марта 2015, 17:11

Зилалиев: "Кумтөр" маселеси Жерүй боюнча сынакка таасирин тийгизбей койгон жок

Зилалиев: "Кумтөр" маселеси Жерүй боюнча сынакка таасирин тийгизбей койгон жокЖерүй боюнча сынакка 3 гана компаниянын катышкандыгынын себеби ""Кумтөр" маселеси менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн, 24-мартта Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшенбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, Жерүй кенин иштетүү үчүн сынакка катышууга "Кумтөр" маселесинин тегерегиндеги соттук иштер таасирин тийгизген.

"Арыздар сынактын аяктоосуна 20-25 мүнөт калганда келип түштү. Бирок аукцион өткөрүүдө бул нормалдуу көрүнүш. Эгерде Жерүй боюнча соттук иш болбогондо, сынакка катышуучурадын саны көп эле болмок",- деди ал.

Эскерте кетсек, 2013-жылы өкмөт Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн сынак жарыялаган. Бирок анын алгачкы баасы 300 млн доллар деп баалангандыктан бир дагы инвестор иштетүүнү каалаган эмес. Кийин анын баштапкы наркы 100 млн долларга түшүп, арыздарды кабыл алуу 2015-жылдын мартына чейин узартылган.

Ал эми кечээ сынак аяктап,ага 3 компания катышкан. "Алардын бири -"Кыргызалтын", ишканасы. Андан тышкары дагы Россиянын "Восток-геолдобыча" жана "Алданзолото ГРК" компаниялары арыз беришкендиги маалым болгон.

Присоединиться в нашу группу WhatsApp
Nursuluu
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KPRESS.ORG 2016

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter