4 февраля 2013, 17:43

Курманбек Осмонов: ИИМ «Ата Мекен» мүчөлөрү 2010-жылы болгон каракчылыкка тиешеси жок деп ачык эле жаап жашырып атышат

Курманбек Осмонов: ИИМ «Ата Мекен» мүчөлөрү 2010-жылы болгон каракчылыкка тиешеси жок деп ачык эле жаап жашырып атышатБул тууралуу фактыларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия төрагасы Курманбек Осмонов билдирди.

Айтымында, ИИМдин Мамлекеттик тергөө башкармалыгы тергөө иштерин бүтүп, материалдарды Башпрокуратурага жолдоду. Ал өз кезегинде Жогорку Кеңешке материалдарды жолдойт. «Мен документтер менен таанышып чыктым, тергөө жыйынтыгы үстүрт. «Ата Мекен» фракциясы көпчүлүк коалицияга киргендиктен азыр анын мүчөлөрүн болушунча актоо жүрүп жатканы түшүнүктүү. Көпчүлүк коалициясы бул маселени пленардык жыйында талкууга алганда «Ата Мекен» мүчөлөрүн болушунча актап туруп алышарын четке какпайм. Мен комиссия төрагасы катары өз көзкарашымда калып, комиссия корутундусун жактайм. Корутундуга ылайык, депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин 2010-жылдагы каракчылыкка кыйыр тиешеси бар. Биз «Ата Мекен» кеңсесинде СИЗО №1ге камалган Абдулла Юсупов менен Өмүрбек Текебаевдин бир жолку жолугушуусун кескин айыптоолор үчүн жетишсиз деп таптык. Ал эми депутаттар Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбековдун талап-тоноочулукка тийиштиги бар деп айтып атабыз», – деп кошумчалады Курманбек Осмонов.

Эске салсак, парламентте «Республика» фракциясынын демилгеси менен 2010-жылдагы каракчылык фактыларын иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссия Бишкектеги абакта жаткан бир айыпталуучунун «Ата Мекен» мүчөлөрүнүн каракчылыкка тиешеси бар дегенинен улам түзүлгөн. 

 

 

 

24.kg

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter