5 февраля 2013, 11:26

Батыров үчүн ыйлаган Отунбаева

Батыров үчүн ыйлаган ОтунбаеваАпрель окуясына, түштүктөгү эки элдин ортосундагы кандуу окуяга 3 жыл болгону турат. Ушул кезге чейин буларга ким жооп берет деген суроо ачык бойдон калууда. Жоопкерчиликти мойнубузга алабыз деген утурумдук бийлик өкүлдөрү алакан жайып оюндан чыга беришти. Бирок, алар мыйзам алдында кутулушса, Жараткандын, тарыхтын алдында эч жакка кача албайт. Түштүктөгү кандуу каргашанын чыгышына себепкер болгон өзбек сепаратисттери К. Батыров, И.Абрасулов, Ж.Салахутдиновдорду бийлик коргоп келген деген сөздөр болгондо, булар кайдагы бир ушак сөз деп чыгышпады беле. Эми ошол сөздөр чындык экени чыгууда.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын аты аталган 3 өзбек лидеринен сырткары дагы бир топ адамды кабыл алганы факты экен. Аларды Атамбаевдин жана Текебаевдин айтуусу менен кабыл алыптыр. Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү неге кабыл аласыз десе, "бириң кабыл ал, бириң кабыл алба дейсиң. Мен силерге тойдум” деп Роза Отунбаеванын ыйлаганына чейин айтып берчүлөр бар. Батыровго ошол окуядан кийин дипломатиялык паспорт берилгени да чындык. Мына, сепаратисттерди кимдер колдоп жүргөндүгү.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter