5 февраля 2013, 12:13

Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)

Биз физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай качып кеттик, деп билдирди Ички иштер министрлигинин №702 Ички аскерлер бөлүгүнүн кызмат өтөөчүсү Кайрат Алиев.

«Мен Нарын облусунун Ат-Башы районунан келгем кызмат өтөөгө. Бул аскер бөлүгүндө 9 айдан бери кызмат өтөп келем. Биздин качуубуздун себеби – физикалык, аскердик даярдыктарга чыдабай, командирлерге нааразы болуп кетип калдык», - дейт ал.

Анын айтымында, 39 кызмат өтөөчү алдын ала посттордон сүйлөшүп алып, 3-февраль күнү кечинде Мамлекеттик резиденциядан качып чыгып кетишкен. Резиденциядан 3-4 баладан болуп чыгышып, ар бир топ ар кайсы жактарга барышкан. Бири досторунукуна, бири тааныштарыныкына. «Биз 4 кызматкер болуп резиденциядан качып чыгып, такси кармап, Токмок шаарына бардык. Ал жакта досторубуз күтүп турган. Бардыгыбыз 1 күнгө эле качууну пландаганбыз. Эртеси кайра келдик», - дейт ал.

Биз туура эмес кылганыбызды мойнубузга алабыз. Май айында кызмат өтөп бүтмөкпүз. Бизди эч ким уруп-соугп, акча талап кылган жок. Бул өзүбүздүн чечимибиз болду, деп кошумчалайт ал.

Ал эми ошол эле бөлүктүн башка кызмат өтөөчүсү Азат Батыралиев 3 ай кызмат өтөп келе жаткандыгын билдирди. Бул жакта эч кандай көйгөй жок экендигин, жакшы кызмат өтөп жаткандыгын айтты. «Качып кеткен кызматкерлер тууралуу эч нерсе айта албайм. Алар менен жаңы келген кызмат өтөөчүлөрдүн ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Алар бизге жардам берип, көп нерселерди үйрөтүп келишти», - дейт ал.

Эскерте кетсек, бул аскер бөлүгү буга чейин Коргоо министрлигинин карамагындагы №41069 аскер бөлүгү эле. 2011-жылдын 9-декабрында 15 кызмат өтөгөн аскерлер качып кетишкен. Жыйынтыгында №41069 аскер бөлүгүн жоюп, ИИМдин балансына өткөрүп беришкен.

Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)
Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)
Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)
Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)
Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)
Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)
Качкан жоокерлер физикалык, аскер даярдыктарына чыдабай кеткенин билдиришти (фото)

 

 

Булак: Barakelde.kg

 


купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter