5 февраля 2013, 12:19

Өмүрбек Суваналиев, генерал: Атамбаевди шоопурунан башка эч ким колдобойт

Өмүрбек Суваналиев, генерал: Атамбаевди шоопурунан башка эч ким колдобойт- Өмүрбек мырза, 7-апрелдеги төңкөрүш менен бийликке келгендер мамлекетти башкарганына үч жылдын жүзү болду. Бирок, өзгөрүү жок. Мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетип, бюджетке миллиарддаган акчалар жетпей тешилип калды. Аны калың элдин катмарына жеткирип, элге түшүндүрүп, өлкөнү шылып жаткан бийликтин белин "мертинте" турган активдүү оппозиция жок болуп турат. Сиздер сындоо менен эле чектелесиздерби?

- Ооба, 7-апрелде бийликти басып алгандардын мамлекетти башкарганына үч жылга аяк басты, бул өтө чоң убакыт. Ушул аралыкта булар өздөрүнүн ким экенин көрсөтүштү. Учурда өлкөдө кризистик кырдаал түзүлүп, мамлекеттин тагдыры бычактын мизинде турат. Анткени, элдин үмүт-тилеги орундалбады. Азыр 2005-жылы, 2010-жылы бийликти алмаштырган мекендештерибиз мамлекет жетекчилерине нааразы болуп турат. Бул революциянын максаттары ишке ашпаганын тастыктоодо. Бул бир. Экинчиси, сиз айткандай бийликте турган айрым жетекчилер, кээ бир эксперт сөрөйлөр "Кыргызстанда системалуу оппозиция жок, ошон үчүн жакын арада нааразылык акциялары болбойт" деген божомолдорун божурашып, элге түкүргөндөй сүйлөп жатышат. Эстейличи, эки революцияны ким жасады? Куру кыйкырык салган лидерлерби, же карапайым элби? Мына ушуну азыркы жетекчилердин унутуп калганы, көздөрүн май басканын тастыктап турбайбы. Же 2010-жылы Апрель окуясында бирөөсү баштап бардыбы? Жок. "Революция кылдык" деген лидерлердин баары түрмөдө отурушкан. Ошол мезгилдеги кырдаалга жараша революция болгонун унутуп, Текебаев азыр "биз оппозиция болгондо элге барчубуз, эл менен иштечүбүз" деп ооз көптүрүп жатат. Албетте, бүгүн да ошондой кырдаал түзүлдү. Элдин нааразылыгы чегине жетти. "Ким уюштурат, башында ким турат" деп жазды гана күтүп отурат. Силер айткан бирдиктүү оппозиция азыр жок, бирок ал чукул аралыкта калыптанып калат.

- Анда оппозиция эмне үчүн ооз­ун ачып отурат? 

- Оппозиция жазында боло турган акциялардын башында ким тураарын жана финансы булагы кайдан табылаарын такташууда. Анткени, уюштуруу иштери бекерге бүтпөйт. Муну Бекназаров ачык билдирип, "Атамбаев Апрель окуясында акча чыгарганы үчүн жетекчиликти алды, Март окуясында Бакиев акча чыгарганы үчүн мамлекеттин башына келди" деп айтып жүрөт. Негизи анын сөзүндө чындык бар. Бирок, бүгүнкү күндөгү кырдаал башкачараак. Оппозициянын башчысын элдин тандоосуна коюшубуз керек. Себеби, жакында "стихийный" митингдер башталат, ошондон кийин реалдуу лидер чыгат. Акчасы көбү эмес, эл сыйлаган, кадыр-баркы бар адамды тандайт (!) деген үмүтүбүз бар. Албетте, кырдаалга жараша иш кылып көнгөн бай саясатчылар адаттагыдай эки, үч тарап менен иштешип жатат. Эптеп илээшип оокат кылуунун айла-амалын издеп, сыртта калбоонун аракетин көрүүдө. Муну сезген Атамбаев бийлигин сактап калуу аргасын издеп, акчалуу адамдардын артынан сая түшүп, бирин койбой чакырып, коркутуп, жек-жаатын камап жатат. Мындай жол менен бай саясатчыларды ийгере албайт. Анткени, жыйырма жылдан бери байларыбыз ошентип оокат кылып жүрүшөт. Эртең эң биринчи Атамбаевди партиясына топтолгон байлар сатат. 

- Атамбаев неге байларды коркутуп жатат? 

- Себеби, Атамбаев эки революцияга аралаш жүрдү, билет. Азыр ошондой кырдаал түзүлүп калды, аны сезип отурат. Бир гана компонент, финансы жетпей жатат. Мына ушундай учурда бай саясатчылар оппозицияга каражат жагынан жардам берип жүргөн. "Ошондой иштер болуп кетпесин" деген ниетте ар бирин резиденцияга чакырып, түрлүү ыкмалар менен коркутуп жатат. Эгер уюштуруу маселесиндеги каражат чечилип кетип, жыйырма миңден ашуун эл топтолсо, революция болуп кетет. Аны эл да, бийлик да түшүнүп турат. 

- Революция дегенибиз менен азыркы шартта тирешүү күчөп кетпейби? 

- Буга чейин тирешүү болдубу (?), жок. Эгер болсо, ал жасалма түрүндө гана болот. Анын түбү тайыз. 2005-жылы жарым күндө революция болду, 2010-жылы да жарым күндө жасалды, тирешти көргөн жокпуз. Аны айткандардыкы жалган, калп. Ооба, бийликтен ажыраган адам элдин кагылышып кетишин каалашы ыктымал, бирок, эл сокур эмес. Сабырдуулук менен буларга жакшы эле чыдады. Өлкөнү өргө сүйрөй албады, эми өздөрүнөн көрүшсүн. Бирок, бир нерсени айтып коеюн, Атамбаев түндүк-түштүккө бөлүп отуруп, бийликке жетти. Бирок, бийликке жеткенден кийин элди бириктирип кете албады. Чамасы, ошол түшүнүктөн аң-сезими көтөрүлбөй, анын курмандыгы болду окшойт. Анын далили, азыр түндүк-түштүк тирешүүсүн буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде чыңалтып, чоң жараатка айландырып салды. 

-Атамбаевди колдой турган кадры жок дейсизби? 

- Тегерегинде өзүнүн кадры жок болсо, ким колдойт? Анализ жүргүзгөндөр Атамбаевге туруп берчү бир эле адамды айтып жатат. Ал - шоопуру. Силер жазган Икрам Илмиянов дейби? Ошол. Башка эч ким колдобойт. Жанында Акаевди, анан Бакиевди сатып, бийликке келген немелер отурат. Кадры жоктугунан мамлекетти тартып кетүү мүмкүнчүлүгү калган жок. Буга өзү күнөөлүү. Кадр тандаганды, иштегенди билбей койду. Кичине да шыгы жок экен. Кыргызга күйбөгөн немелерди угуп отуруп, душмандарын аябай көбөйтүп алды. Мамлекетти болсо шал кылып таштады. Кыргызстанды мындай абалга бир дагы президент жеткирген эмес. Бүт тарабы кризиске чулганып, эл аралык аброю түштү. Бул Атамбаевдин чоң кемчилиги. Эми Атамбаев эч нерсе кыла албайт. Мунун сааты бүттү, стрелкасы артка көздөй кетти. 

- Атамбаев өлкөнү олку-солку кылбай, жылма чыгып кеткенге кандай шартты бар? 

- Бир эле жолу бар, элден кечирим сурап, кызматынан кетип калышы керек. Мындан башка жолу жок. Эгер андай кылбаса, аягы жаман болот. Анткени, Атамбаев болгон нерселеринин баарын бузуп алды. Тышкы саясатты да, ички саясатты да булгап таштады. 

- Мурунку оппозиция "революциядан кийин Конституцияны өзгөртөбүз, анан тигини-муну жасайбыз" деген пландарды айтчу, эгер бийлик колго тийип калса, ишти кайсы жерден баштайсыздар? 

- Биздин айырмачылыгыбыз, элге жат нерсени таңуулабайбыз. Кыргыз калкы каалаган нерсени ордуна коебуз. Эл азыр "1993-жылкы Конституция ордуна келсин" деп жатат, аны коебуз. Экинчиси, "мен тигинден акча алдым эле, буга карызым бар эле (!) деп, бирөөнүн көзүн карабаган адам бийликке келсин, адилеттүү киши келбесе алдыга жылбайт экенбиз" деп жатышат, ошондой адамды тандашына шарт түзөбүз. Албетте, эми жаңылбашыбыз керек, элин сүйгөн патриот, абийири таза, саясатта булганбаган, мыйзамдуулукту туу туткан, тажрыйбасы мол адамды алып келишибиз керек. 

- Бийликтин "көчүгүнө" күч келсе, парламентти таркатып жибериши мүмкүн. Ага оппозиция макул болобу? 

- Негизи азыр нааразычылык "Кумтөр" маселесинде болуп жатат. Не себептен өкмөт азыр өзү демилге көтөрүп, алдын-ала чуркап жатат. Анткени, эл жазында "Кумтөр" маселеси менен көтөрүлөрүн ойлоп, элдин буусун чыгаруу максатында, "салыкты көбөйтөбүз, экологияны каратабыз, акча түшүрөбүз" деген көзбоемочулукту өкмөт парламент менен биргелешип жасап жатат. Бирок, Атамбаев буга чейин айткан, "Кумтөргө" тийбегиле" деп. Демек, чоң өзгөрүүгө бара албайт. Элди убактылуу сооротушу гана мүмкүн. Эгер жасаса булар үч жылдан бери жасайт болчу! Ооба, кырдаалдан чыгыш үчүн Атамбаев "парламентти таркатам" деп чыгышы ыктымал. Бирок, парламент таркаганы менен эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени, ыплас шайлоолор менен кайра эле бийликте отурган партиялар парламентке келет. Таза шайлоо болушуна эч ким ишенбей калды. Ал эми бүгүнкү күндөгү проблема - Атамбаевде болуп жатат. Ал кетмейинче бир да маселе чечилбейт, эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени, бул жигит бийликти узурпациялап, парламенттик башкарууну иштетпей койду. Демократияны туу туткан Текебаев мародерлук маселесинде чүлүктөнүп, Атамбаевдин айтканынан чыкпай отурат. Жыйынтыгында, Конституция иштебей калды. Биз "парламенттик башкаруу Кыргызстанда иштебейт" деп башынан айтканбыз. Ошон үчүн биз "таза адамдар келип, жаңы шайлоолорду эски (1993-жылдагы) Конституция менен өткөрсүн" деп жатабыз. 

- Текебаев Атамбаевге каяша келтирбедиби, "АКШнын базасы калат", "ГЭСтер боюнча түзүлгөн келишим "Кумтөрдүкүндөй" деп. Буга не дейсиз? 

- Текебаев дасыккан саясатчы. Ал кырдаалды көрүп, түшүнүп жатат. Кырдаал кайда баратканын сезип, өз пикирин билдирди. Чынында эле, "Кумтөр" кылымдын "аферасына" айланды. Биздин алтыныбызды бирөөлөр ташып, элге пайдасы тийбей, кооз жерибиздин экологиясын талкалоодо. Экинчиси, ГЭСтерди бүкүлү бойдон сатууга кыргыз эли каршы болуп жатат, бул да туура. Ток этээри, элибиз "Атамбаев келгенден бери мамлекеттин суверенитетин жоготуп койдук" деп жатат. Муну эч кимибиз тана албайбыз. Ал эми "АКШнын базасы чыгарылсын" деген жаран да жок, саясатчы да жок. Бул Россияга кошоматтанам дегендердин гана сөзү. Аны айтып, саясый чайкоочулукка жасап жатышат. Негизи, АКШнын базасы кыргыз элине жакшы жардам берип, миллиондогон долларларды төгүп жатат. Алтын уурдагандарды калкалап, акча төгүп жаткандардын куугандын өзү туурабы? Мына ушуну сезген Текебаев чыдабай, айтып чыкты. Негизи, жазда кырдаал кандай өзгөрүп кетээрин эч бир саясатчы айта албайт. 

- "Күч органдары жетекчиликке баш ийбей калды" деп жатат, чынбы? 

- Бийликтегилер эч качан күч структураларына ишенбеши керек. Күч структуралары бийликти эч качан коргогон эмес, коргобойт дагы. 2005-жылы да, 2010-жылы да коргогон эмес. Кептин баары элдин санына жараша. Аз болуп калса коргойт, көп болсо элге аралашып кетет. Албетте, бүгүнкү күндө кырдаал такыр башкача болуп турат. Анткени, күч түзүмүндөгү кызматкерлер бийликтин өзүнө ишенбейт. Шамил Атаханов болсо, канчага чейин иштерин билбейт. Эртең кетип калышын ойлоп, чечкиндүүлүккө батына албайт. ИИМ гана эмес, күч структуралары "деморализованный" болуп, кризисте турат. Кызматкерлер пенсияга иштеп, статус болсун (!) деп жатат. Криминалга каршы күрөш токтоду.

- "Камчы Көлбаев сүйлөшүү жолу менен келди" деп жатышат го... 

- Камчы Көлбаев сүйлөшкөнүн билбейм, бирок өзү келди. Жакында ал 100% акталат. Анткени, ага каршы арыз жазгандардын баары отказ берип жатат. Себеби, бийликтин күчү жоктугун сезишти, анан ким жапа чеккиси келет? Эгер акталып кетсе чатак болот. Кечээ криминал менен күрөшүп, буларды өлкөдөн кууп чыккан министр, министрдин орун басарларын азыр кызматтан алып коюптур, эртең алардын көзү тазаланып кетиши ыктымал. Ким коргойт? "Криминалга каршы күрөшөбүз" деп, анан сатып кетсе, бул бийликке бир милиция кызматкери ишенеби? Азыр чекисттер да артын ойлоп, сөзүнө турбаган бийликтен чочуп калды.

- Сох маселеси боюнча Ислам Каримовго карата президенттин айтканы ММКлардан жарыяланып кетти. Же бул жалганбы? 

- Чын же жалган экенин териштириштин кажети жок. Атамбаевге кирип-чыккандар "ал оюна келгенди сүйлөй берет турбайбы" деп айтып жатпайбы. Аны бүт дүйнө жүзү деле билип бүттү. Былтыр Россияга барганда нелерди гана айткан жок? Кыскасын айтканда, ушундай сөздөрдү сүйлөгөн аң-сезими менен Атамбаев бул кызматка татыксыздыгын көрсөттү. Буга чейинки, жана кечээки кептер, президенттин айтаар сөзү эмес. Өзбек президентине чейин казак президентине да акаарат келтиргенин билебиз. Мындай оройлугу менен мамлекеттин аброюн кетирип, кыргызды уят кылып жатат. Бул адам кыргызды дүйнөгө шерменде кылбай, отставкага кетип калса, эл алдында жок дегенде бир ирет түзүк иш жасаган болоор эле. Анткени, буга чейин бир бүтүн кыргыз элин "курама эл" (зборный народ) деп келди. Муну кыргызга душман адам гана, кыргызды бөлүп-жарайын, талкалайын (!) деген адам гана айтышы мүмкүн. Же "курамабыз" деген бирөөнү көрдүңүзбү? Өз элин "курама" деп айтканга бир да кыргыз баласынын дити барбайт. 

Зулпукаар Сапанов 

Булак: "Учур” гезити. (N.J)

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter