5 февраля 2013, 12:58

Султан Раев «Күтпөгөн жерден мамлекеттик чиновник болуп калдым» дейт

Султан Раев «Күтпөгөн жерден мамлекеттик чиновник болуп калдым» дейтЖазуучу жана драматург, Кыргыз эл жазуучусу, КМШ мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Султан Раев менен чыгармачылык маек.

– Султан Акимович, окурмандарга сиздин чыгармачылык лабораторияны ачып берүү үчүн эмнеден кеп баштасак экен? Мындай собол койгонумдун себеби – сиз канча жылдан бери мамлекеттик кызматтагы кишисиз, бирок ага карабай адабиятта өндүрүмдүү иштеп келатканыңызга таңгалам. Театрларда спектаклдериңиз коюлуп, көлөмдүү китептериңиз чыкты. Демек, чыгармачылыкка да чолоңуз тийгенине караганда, мамлекеттик кызматта иштегендердин жүгү анчалык оор эмес го деген да ой пайда болот... Же мунун сыры убакытты туура пайдалануубу?

– Бул суроону көп беришет. Бирок кайсы кызматта болбоюн, мамлекеттик чиновникпи, министирби, сөздүн ачыгын айтайын, баарынан мурда чыгармачылыкты жогору коем. Кызмат бүгүн бар, эртең жок. Анын табияты ушундай. Бирок мунун өзү мамлекеттик кызматта жүргөндө, өзүңдүн функционалдык милдетиңе көңүлкош кароо дегендик эмес, баарына жетишүүгө милдеттүүсүң. Убакыттын тардыгына шылтап, чыгармаларым жазылбай калды десем, анда өзүмө-өзүм, өзүмдүн чыгармачыл принцибиме каршы чыккан болом.

– Адабият астанасын аттаганда «Чаң жол» аттуу тунгуч китебиңиз менен дүбүртүңүз алыска угулуп, «Күн кармаган бала» аттуу мыкты повестиңиз театр сахнасында коюлуп, кийин кытай, орус, түрк тилине да которулса керек эле...

– Алгачкы чыгармамдын тагдыры өтө кызыктуу болду. Анткени, «Чаң жол»аттуу аңгемем кыргыз тилинде, жадесе орус тилинде жарык көргөн эмес. Кайсы тилде дебейсизби?.. 80-жылдары украин тилинде «Пил на шляхе» деген ат менен жарык көрдү. Туңгуч чыгармам украин тилинде басылып чыкты. Ошо кездерде кыргыз тилинде түш жоруган Петр Гордейчук деген мыкты котормочу бар эле, ал аңгемемди түз эле кыргыз тилинен которуп, Киевден чыккан жаш жазуучулардын альманахына жарыялаган. Студенттик жылдарда жазылган «Күн кармаган бала» аттуу повестим «Ала Тоо» журналына белгилүү жазуучу Асанбек Стамовдун баш сөзү менен жарыяланды. Бул повесть биздин муундун ошол кездеги системага болгон ички «протестин» чагылдырган чыгарма эле. Ал бат эле башка тилдерге которулуп, театрга сахналаштырылды. Чындыгын айтайын, тагдыр мени атактуу режиссер Алмаз Сарлыкбековго жолуктурбаганда драматург болбой калышым деле мүмкүн беле?..Сарлыкбеков повестеги идеяны театр тили, пластикасы, керемет күчү менен жогорку чеберчиликте алып чыкты. Башкы каарманды таланттуу актер, СССР эл артисти Капар Медетбеков ойногон. Ушул спектаклдин премьерасынан кийин таптакыр эле драматургия менен «ооруп» калдым десем жаңылышпайм. Эсимде, спектаклдин аягында Капар Медетбеков «Бул чыгарманы ушул «сары ооз бала» жаздыбы?» деп таңгалган эле. Кийин эсе басмадан «Күн кармаган бала» аттуу көлөмдүү прозалык жыйнагым жарык көрдү.

– Бирок сизге мындай чыгармачылык оомат келип турганына карабай мамлекеттик кызматка ыктаганыңызга өкүнбөйсүзбү? Себеби рухий бийиктикке умтулган адамга бийлик, байлык убактылуу азгырык экени белгилүү го. Же эки тизгин, бир чылбырды эриш-аркак алып кетүү деле анчалык кыйын эмес бекен?

– Ыймандай сырымды айтайын, оюмда чиновник болом деген ой да, тилек да жок эле. Бир нече жыл басмасөздө иштедим, аңгеме, пьеса, повесть жаздым. 2002-жылы Улуу Британиянын королевасы Елизавета II жеке чакыруусу боюнча дүйнөнүн атактуу адамдарынын катарында Букингем сарайына королеванын ардактуу коногу гана эмес, постсоветтик өлкөлөрдөгү адабий муундун жаңы өкүлү катары чакырылдым. Бул түшүмө кирбеген окуя болду! Кыргызстанга келгенимде бул окуяны гезиттер чоң жаңылык катары жаза баштады. Бир күнү Акүйгө ал кездеги өкмөттүн аппарат жетекчиси Бекболот Талгарбеков чакырып, кызуу куттуктады да, мен таптакыр күтпөгөн сунушту айтты. «Сени билим жана маданият министринин орунбасарлыгына сунуштап атабыз, маданиятты тейлейсиң» деп калды. Бул сунушка шыр эле макул болгонум жок, анткени буга чейин чиновниктик кызматта бир күн иштеп көргөн жан эмес элем. «Ким эле чиновник болуп төрөлүптүр, үйрөнүп кетесиң» деп, бул маселе жогорку жак менен да макулдашканын айтты. Ошентип күтпөгөн жерден мамлекеттик чиновник болуп калдым.

– 90-жылдардан кийин «Акыркы пайгамбар» аттуу романыңыздын башы «Ала-Тоо» журналына жарыяланып, далай окурмандын бүйрүн козгоп койгон ошол чыгарма ушул күнгө чейин китеп сүйүүчүлөрдүн колуна тийбеген бойдон калды, арийне жогорудагы эки суроону да сизге ушундан улам бергим келип жүрдү эле? Мүмкүн жооптуу кызматта жүргөндүгүңүздөн улам дагы далай өрнөктүү чыгармаларыңызды жаза албай, өмүр сая кетип аткан жокпу?

– Туура. 90-жылдары «Акыркы пайгамбар» аттуу романымдан бир нече үзүндүлөрдү басмасөздөргө жарыяладым. Роман улуттук адабияттын табиятына шайкеш келбеген ыкма менен, б.а. «аң-сезим агымы» маанайында, Пруст, Г.Стайн, В.Вулф, Джеймс Джойс, Т.С.Элиот, О.Хаксли, Г.Грин, орус жазуучулары Б.Пильняк, Ю.Олеша, В.Вишневскийдин чыгармаларына таандык «ички монологдун» үнү менен жазылган. Бул романды жаза баштаганыма 20 жылдан ашып кетсе да, анын себеби, убакыт эмес. Бирок ага мезгил, турмуш, дүйнөтааным өзүнүн «коррективасын» киргизди десем туура келчүдөй. Ошол кездеги романдын «архитектурасы», азыркы варианты менен асман жердей айырмаланып турат. Акыркы кезде дүйнөлүк адабий процессте «жаңы роман» теориясы ар кандай дисскусияларды жаратып жатат. Бул адабияттагы жаңы дөөлөт, жаңы көзкараш, жаңы принцип кандай болуу керек? Деги эле адабияттын миссиясы эмнеде деген түбөлүктүү суроого жооп издөө менен барабар. Азыр биз акыл-эстин жаңы эрасына келдик, биз каалайбызбы же каалабайбызбы адамзат алдында Гамлеттин «быть или не быть» деген суроосу тикесинен тик туруп алды. Адам жашоосунда ички «психологиялык революция» жүрүп жатканын баамдабай келебиз. Чындыгын айтайын, «Акыркы пайгамбарды» жазып жатып таптакыр башка нукка, башка жолго түшүп кеткенимди да билбей калдым. Романдын аты да өзгөрдү. Ал «Турар» басмасынан «Жанжаза» деген ат менен жарык көрүүдө. Роман тууралуу азырынча сөз кылуу эрте, эң оболу окурман айтсын. Бул тапта адам гана эмес, дүйнө, дүйнө менен кошо адабият, аң-сезим, көркөм ой да өзгөрдү. Ачыгын айтканда, биз көркөм эксперименттер менен гана дүйнөнү, дүйнөтаанымды өзгөртө алабыз.

- Адабият кээсине машакаттуу кажынган эмгек, кээсине оңой жол менен берилген «шыбага» болсо керек. Ошондуктан айрымдар кайсы бир чыгармасын узак жылдар бою жазса, айрымдар бир дем менен жаза салаары белгилүү. Сиздин иштөө ыкмаңыз кандай?

– Адабият мезгил менен өлчөнбөйт. Ал ички жандүйнөнүн стихиясы, ал табиятка да, тагдырга да, акылга да сыйбаган рухтун өзгөчө күчү. Шекспир «Гамлет» трагедиясын жазып бүткөндөн кийин да, Гамлеттин атактуу «Быть или не быть» деген «кличин» бир нече жылдардан кийин таап, оңдоо киргизген. Гамлетти бул күчтүү фразасыз элестетүүгө болоор беле? Албетте, жок! Атактуу Архимед «Дайте мне точку опоры, и я поверну Землю» деген сөздү эң оболу күчтүү эмоционалдык абалда туруп айтып жиберген. Ошондон кийин гана ал механикада гениалдуу ачылышты жасады. Чыгарма да ушундай. Бир келсе чагылгандын огундай, бир келсе акыр заман күнүндөй.

– Сиз Искак Раззаков, Курманжан Датка туурасында пьесаларды жазып, экөө тең сахналаштырылды. Мен Раззаков туурасындагы спектаклиңизди көрдүм, бирок ал чыгарма тек гана улуу инсандын юбилейлик датасын белгилөө үчүн гана жазылган чыгармадай таасир калтырды эле. Ал чыгарма кийин деле театр репертуарында кайра жаңыртылып коюлганын көрбөдүм. Ушул туурасында өз оозуңуздан уксак...

– Албетте, мындай тема өзү өтө консервативдүү, өтө монолиттүү тема. Бирок сиз айткан пьесада бул эки инсандын тримфу менен трагедиясы тууралуу жазгамын. Алардын ишмердүүлүгүнө же хандыгына эмес, эң оболу адамдык ички карма-каршылыгына, драмасына басым коюлган. Адабиятта «материлизация идей» деген түшүнүк бар. Айтсам, Раззаков жөнүндөгү пьесада анын өлүм алдындагы акыркы мүнөтү жазылган, бул мүнөттө адам өмүр менен өлүмдүн философиясынын карама-каршылыгында жашайт. Пьесада ушул моментти көрсөтөйүн дегем. Ал эми «Ханышанын көз жашы» пьесасы Курманжан датканын бир сөзү үчүн, б.а. «Өлүмдү, тик кара!» деген сөзүнө драматургиялык интерпретация жазылган.

– Дегеле театрларыбыз кайсы бир тарыхый инсандардын юбилейлик датасына карата спектакль койгон көрүнүштөр бизде абдан арбып кетти. Мүмкүн театр сүйүүчүлөрүн канаттандырчу чыгармалар тарыхый инсандарда эмес, жалпы адамзат баалуулугун чагылтууда болуп жүрбөсүн?

– Мен бул оюңузга толугу менен кошулам. Адабият объектиси – Адам, адам баалуулугу, адамдагы адамдык, акыл-эс болуу керек.

– Арийне Шекспир королдордун турмушундагы көлөкө менен жарыкты чагылткандай: же сиз кайсы бир мезгилде бийлик төбөлдөрүнүн турмушун сахнага алып чыгуу үчүн жогору жактагылар менен камыр-жумур аралашып жүрдүңүз бекен? Анткени, драматургия жанрында психологиялык конфликт болмоюн чыгарманын тузу жетпей калат эмеспи... А саясатчыларыбыздын арасында биз жакабызды уучтай турган конфликттер мүмкүн сиз аркылуу кагазга түшүп атпады бекен?

– Саясат – бул өзүнчө татаал драматургия. Өзүнүн карама-каршылыгы, интригасы, драмасы, фарсы, ак-карасы бар феномен.

– Сиз бир нече жыл Маданият министри болуп иштедиңиз. Сизден сурайын дегеним, бизге саясат маанилүүбү же маданиятпы?

– Мен бул сурооңузга саясаттын маданияты деп жооп берер элем. Маданият бул руханий өзөк, а саясат каркас, ал эми рухий өзөгү күчтүү болбогон саясат эч качан бекем тура албайт. Кийинки кездерде саясатчыларыбыз маданиятты сактоо керек деп коңгуроо кагып келет, мен айтаар элем, тескерисинче, биз маданиятты эмес, маданият бизди сактайт деп! Тарыхта экономикалык, саясый, энергетикалык, социалдык, айтор, адамзат өз башынан ар кандай кризистерди өткөрдү. Бирок бул кризистерден чыгып кетсе болот. Эң эле оор кризис – руханий кризис, эгерде бул кризиске кабылсак, андан эч качан чыга албайбыз.

 

 

 

24.kg

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter