5 февраля 2013, 18:03

М.Турганбаев «крысанын» ишин кылгандай ишке барбайт

М.Турганбаев «крысанын» ишин кылгандай ишке барбайтМен эч качан кресло, кызмат үчүн жанталашкан адам эмесмин. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев «Фабула» гезитинин 5-февралда чыккан санына берген маегинде билдирди.

«Рахмат, мамлекет жетекчилерине, алар мага дайым ишенич көрсөтүп турушат. Бирок, мени көрө албагандар, ичи күйгөндөр, бут тоскондор дайыма президентке, премьерге жана башкаларга жамандап, ушактап жүрүшөт. Кимдер жамандап жүргөндөрүн да жакшы билем, бирок мен аларга эч качан теңелип, алардын деңгээлине түшкүм келбейт. Аларга окшоп, көрүнгөн жакка тоголок кат жазып, «крысанын» ишин кылгандай ишке барбайм. Күрөшсөм, ар дайым ачык күрөшөм. Мен өз милдетимди так аткарган, эч кимге жаман айтпаган, эл кызматында жүргөн деген инсандардын биримин. Мага кимдир бирөөлөр, бетиме: «сен мындайсың, сен минткенсиң», деп айта албайт. Анткени, мен эч кимге жамандык кылган эмесмин. Мактангандай болбоюн, бирок ошол менин артымдан жамандап жүргөндөр, мага келип, ачык айтканга духу жетпейт. Ооба, көп учурларда мамлекет ичинде болуп жаткан мыйзам бузууларды, органдагы тескери иштер тууралуу ачык айтам. Ал болсо, бир топ адамдарга жакпай каларын да билем. Ошондон улам, «Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн көзү жаман» дегендей кырдаал түзүлөт. Андай мыйзамсыз иштерди мен айтпасам, башка бирөө айтат, башкалар айтпаса, мен айтам. Кыскасы, баарыбыз тескери көрүнүштөрдү жаап-жашырбай, ачык айтканга көнүшүбүз керек. Учурунда айтпасак, «сөздүн атасы өлүп» жатпайбы», -дейт ал.

Анын айтымында, саясатына да, башкасына да аралашпай, дайым өз иши менен жүргөн адам. Жумушка күндө таңкы алты жарымда келет. Жарым саат шаар боюнча оперативдик кырдаалды сурап, 7ден 8ге чейин спорт залда машыгат. 8:30да жумуш башталат. Ошону менен түнкү 10-11ге чейин иштейт. Анткени шаар чоң. Мындай айтканда, 1,5 млн адам жашайт. Андан сырткары кирип-чыкканы канча? Чечилбеген маселе көп. «Биринчи кезекте биз элдин коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Шаар тургундары ар дайым үй-бүлөсү менен, балдары менен шаардын көчөлөрүндө, эс алуу жайларында ишенимдүү жүрүп, ойдогудай эс алышы керек да. Биз мына ошону камсыз кылышыбыз зарыл», - деп кошумчалады ал.

Булак : «Фабула»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter